Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Турак-жайды кантип камсыздандырса болот?

ID1995
Көрүүлөр: 112
Актуалдуу: 20-07-2024
QR Code

Мыйзам боюнча жарандар турак-жайын камсыздандырууга милдеттүү. Бул алдын алуу чарасы болуп саналат. Өрт же табигый кырсыктын натыйжасында үйүңүз бузулуп же кайсы бир деңгээлде зыянга учураса, каржылык компенсация алууга мүмкүндүк берет.

Бардык турак-жайларды камсыздандырса болот: жер үй, батир, жатаканадагы бөлмө, мейманкана, мейманкана тибиндеги үй ж.б. 

Өрт, өрттү өчүрүү учурунда суунун капташы, ошондой эле жер титирөө, сел, суу ташкыны сыяктуу жаратылыш кырсыктары. 

Камсыздандыруу төгүмү турак-жайдын жайгашкан жерине жараша болот:

  • айыл жеринде жылына 600 сом,
  • шаардык аймактарда – 1 200 сом.

Социалдык жактан аялуу катмарлар акысыз камсыздандыруу ала алышат. 

Турак-жай толугу менен кыйраса, айыл жеринде төлөмдөр 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейин жетет.

 Камсыздандыруунун жоктугу мыйзам бузуу катары каралат жана мамлекет табигый кырсык же өрттөн кийин зыянды калыбына келтирүүгө кийлигишпейт, жардам бербейт. 

Жогоруда айтылган камсыздандыруу суммасы бардык чыгымдарды жабууга жетишсиз болушу мүмкүн деп эсептесеңиз, сиз каалаган сумманы бегилеп, ошого жараша төлөм жүргүзө аласыз. 

 Камсыздандыруу полиси 12 айга чейин берилет.

 Камсыздандыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: 

  • паспорт,
  • менчик укугу жөнүндө документ, 
  • турак жайдын техникалык паспорту.

 Камсыздандырууну Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдарынын биринде, ошондой эле райондордо жана айыл өкмөттөрдө жайгашкан инспекторлор жана агенттер аркылуу каттаса болот.

Байланыш номурларын жана даректерин ушул шилтемеден көрө аласыз: https://gso.kg/#contact




    Окшош суроолор