Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кошуналар тынчтык бербесе эмне кылыш керек?

ID1916
Көрүүлөр: 559
Актуалдуу: 22-01-2025
QR Code

2024-жылдын аягында «Жымжырттык жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам жарандардын эс алуу укугун камсыз кылуу жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү үчүн иштелип чыккан. Мурда ызы-чуу үчүн жоопкерчилик каралган менен көзөмөл жагы аксап келген. 

Буга чейин тынчтыкты камсыз кылуу Жарандардын ден соолугун сактоо жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жүктөлгөн. Бирок бул система бир топ кыйынчылыктарга туш болгон:

  • Кызматкерлер күндүз иштеген үчүн түнкү арыздарга жооп берүү мүмкүн эмес эле. 
  • Ызы-чуу деңгээлин өлчөөчү жабдуулар тартыш, эски болчу. 
  • Санэпидемкызматында ызы-чуу салгандарды жоопкерчиликке тартууга ыйгарым укуктар жетишсиз болгон.

«Жымжырттык жөнүндө» мыйзамы боюнча тынчтык бербегендерди көзөмөлдөө эми милициянын моюнуна жүктөлөт. 

Төмөндөгү убакыт аралыгында уруксат берилген деңгээлден ашкан ызы-чуу мыйзам бузуу деп эсептелет:

  • Иш күндөрү: саат 22:00дөн 07:00гө чейин.
  • Дем алыш жана майрам күндөрү: саат 22:00дөн 09:00гө чейин.

Тынчтыкты жана жымжырттыкты бузууга төмөнкү иш-аракеттер кирет:

  • телевизорлорду, радиокабылдагычтарды жана башка үндү кайталап чыгаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үндү күчөтүүчү түзүлүштөрдү, анын ичинде транспорт каражаттарында, соода объектилеринде (дүкөндөрдө, күркөөлөрдө, павильондордо, лотоктордо), көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларында (түнкү клубдар, караоке, дискотекалар) жана коомдук тамактануу жайларында (кафелер, ресторандар, барлар, ашканалар) орнотулган түзүлүштөрдү пайдалануу;
  • музыкалык аспаптарда ойноо, ышкыруу, ырдоо, ошондой эле үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген деңгээлинен ашкан үн менен коштолгон башка аракеттерди жасоо;
  • тартип бузуучулар тарабынан иштетилген күзөт сигнализациясынын, транспорт каражаттарынын сигнализациясынын үн чыгаруусун өчүрүү боюнча өз убагында чара көрбөгөндүк, транспорт каражатынын жардамы менен үн сигналдарын зарыл болбосо да пайдалануу же эс алуу учурунда тынчтыкты бузууга алып келген башка ызы-чуу таасирлерин жаратуу;
  • пиротехникалык каражаттарды пайдалануу;
  • адамдардын эс алуу учурунда тынчтыгын бузууга алып келген оңдоп-түзөө, жүк түшүрүү-жүктөө (анын ичинде көчүү, эмеректерди жылдыруу), тазалоо жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү, механикалык каражаттарды жана техникалык түзүлүштөрдү иштетүү;
  • белгиленген убакытта корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузууга алып келген башка аракеттер.

Мыйзамдын авторлорунун айтымында, ызы-чууну өлчөө үчүн жаңы жабдуулар сатып алынат. Алар милиция менен санитардык кызматка бөлүштүрүлүп берилет. 

Милиция тынчтыкты бузгандарга төмөнкүдөй айып салууга укуктуу:

  • Жеке адамдар үчүн:
    • Биринчи бузуу: 2 000 сом.
    • Кайталап бузуу: 10 000 сом.
  • Юридикалык жактар үчүн:
    • Биринчи бузуу: 10 000 сом.
    • Кайталап бузуу: 28 000 сом.
  1. Сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Көп учурда жайбаракат сүйлөшүү аркылуу маселени чечип алса болот. 
  2. Милицияга кайрылыңыз. Эгерде көйгөй чечилбесе, милиция чакырып, бузуу фактысын каттатыңыз. Милиция тынчтык бербегендерге айып пул сала алат. 
  3. Далилдерди чогулта жүрүңүз. Ызы-чуунун аудио же видео жазуусу маселе боюнча териштирүүдө далил катары кызмат кыла алат.




    Окшош суроолор