Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кошунамдын айынан батиримди суу каптады. Эмне кылыш керек?

ID1518
Көрүүлөр: 86
Актуалдуу: 15-05-2024
QR Code

Батирди суу каптаса, түйшүк менен чыгымы бир топ. Кошунадан же камсыздандыруу компаниясынын кенемте (компенсация) өндүрүш үчүн ыкчам жана сабаттуулук менен аракеттениш керек. 

Биринчи кезекте суу берүүнү токтотуңуз. Кошунаңыз менен болушунча эртерээк байланышып, сууну өчүрүшүн сураныңыз. Ошондой эле электр жабдууларын өчүрүүнү унутпаңыз. 

Суу каптоодон улам келтирилген зыянды расмий ырасташ үчүн турак-жай-коммуналдык чарба кызматын (ЖКХ) же суу ишканасынын авариялык кызматын чакырыңыз. Ошондой эле кошуналардын арасынан күбөлөрдү таап, суу каптоо туралуу актыны түзүңүз. Зыянды сүрөт, видеого тартыңыз. 

Суу каптоо тууралуу актыда төмөндөгүлөр так көрсөтүлүшу керек:

  • батирлердин толук даректери, номурлары,
  • суу каптоонун себеби,
  • акт түзүлгөн күн,
  • актыны түзүүчүлөрдүн аты-жөнү (турак-жай коммуналдык кызматынын өкүлдөрү жана кошуналар болсо жакшы),
  • зыянга учураган мүлктү (буюмдар, техника, эмерек) жана зыяндын мүнөздөмөлөрүн сүрөттөө.

Актыга ошол жердегилердин баары, анын ичинде күнөөлүү тарап (кожоюн же ижарачы) кол коюшу керек. Эгерде күнөөлүү тараптын колу жок болсо, себебин кошо актыда көрсөтүңүз. 

Суу каптоого күнөөлүүлөр бар же жок экенине карабай, бул кадамдар токтоосуз жасалышы керек. 

Адатта өйдөңкү кабаттагы кошуна суу каптоого айыптуу болбойт, себеби атайын кызматтар тейлеген тирөөч түтүктөргө (стояк) жана башка коммуникацияларга ээлик кылбайт. Суу каптоонун себебин аныктап, актыга катташ үчүн адистерди тартуу абдан маанилүү. Айыптууну аныктаганда келишимдердеги жана эрежелердеги түтүктөрдү жана сантехниканы кароо үчүн жоопкерчиликтин чегин эске алыш керек. 

Мындан сырткары зыяндын ордун толтурууну талап кылам деген ниетиңизди билдирип, кошунага эскертүү катын жиберип койгон оң. Соттук териштирүүдө мунун пайдасы тиет. 



Окуя тууралуу башкаруучу компанияга же Турак-жай ээлеринин шериктештигине (ТСЖга) билдириңиз. Расмий билдирүүнү жазуу жүзүндө жиберген оң. Кайрылганыңызды кийин далилдеш оңой болот. 

Эгерде кошунанын айынан батириңизди суу каптаса, маселени тынч жол менен чечүүгө аракет кылыңыз. Кошунаңыз өзү же ал үйүн камсыздандырган болсо, анда камсыздандыруучу компаниясы сизге чыгымды төлөп бериши керек. 

Чыгымдын ордун толтуртуу үчүн бардык документтерди чогултуңуз: 

  • Сүрөт жана видеолор;
  • Батириңиздин документтеринин көчүрмөсү;
  • Оңдоо иштерин жасап үлгүрсөңүз, алган материалдарыңыздын, уста акысынын чеги;
  • ТСЖ же көз карандысыз эксперт түзгөн акты. 

Эгер батириңиз камсыздандырылыган болсо, бардык чогултулган документтерди, зыяндын далилдерин тиркеп, камсыздандыруу компаниясына кайрылыңыз. Эгерде камсыздандыруу компаниясы сизге чыгымды төлөп берсе, ал күнөөлүү кошунаңыздан акчасын өндүрүп алууга укуктуу. 

Кошунаңыз же камсыздандыруу компаниясы чыгымды төлөп берүүдөөн баш тартса же камсыздандыруу компаниясы төлөп берген акча сизди канааттандырбаса, сотко доо арыз менен кайрыла аласыз. Доо арыздын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, аны жүктөп алсаңыз болот. 

Келтирилген зыянды толтуртуу боюнча жарандык иште күнөөлүү тараптын күнөөсүн даилдөө доогерге, тагыраагы, жабыркаган тарапка жүктөлөт. Демек, сиз бардык документ-далилдерди чогултушуңуз керек. 

Бардык маселеле чечилген соң, батириңизди оңдоо, калыбына келтирүү иштерин баштаңыз. 




    Окшош суроолор