Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Мамлекеттик ипотеканы кантип алса болот?

ID1030
Көрүүлөр: 214
Актуалдуу: 11-04-2024
QR Code
  • Социалдык ипотека: Жарандардын приоритеттүү категориясы – жылдык 4%.
  • Жеңилдетилген ипотека: Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн – жылдык 4%.
  • Арзан ипотека: Жеке чөйрөдөгү жарандар үчүн – жылдык 8%.
  • Үлүштүк турак жай курулуш: бардык жарандар, анын ичинде мигранттар үчүн – үстөк пайызы смета бекитилгенде белгилүү болот.

ЖАРАНДАРДЫН КАТЕГОРИЯСЫ

  1. Жарандар – мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда 15 жылдан ашык жалпы иш стажы бар кызматкерлер:
  •  төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;
  •  мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда жалпы иш стажынын 15 жылдан кем эмес болушу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жана коммерциялык кыймылсыз мүлктүн жоктугу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 5 (беш) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга жана коммерциялык кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү;
  • акыркы 2 (эки) жыл ичинде катышуучунун никеси бузулган учурда катышуучунун мурунку жубайында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 2 (эки) жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак үйдүн жана турак үйгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу.
  1. Иштеген чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери) көп балалуу үй-бүлө (21 жашка чейинки 5 баладан кем эмес):
  •  төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;
  •  2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
  •  21 жашка чейинки курактагы 5-тен кем эмес баланын болушу;
  •  катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;
  •  катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  •  катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү
  1. Ишинин чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери) өзүнүн же үй-бүлө мүчөсүнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо:  
  • 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;
  •  2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
  •  катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;
  •  катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  •  катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү
  1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек баласы/балдары бар жарандар (никеде турбаган). Жашы жете элек баласы/балдары бар жесирлер (никеде турбаган), иштегенинин чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери):
  •  21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;
  •  2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
  •  катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  •  катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

Иштегенинин чөйрөсүнө карабастан (бюджеттик жана жеке чөйрөнүн кызматкерлери), айыл жергесинде жаш адистер:

  •  Программага катышууга арыз берген учурда 21 жаштан  35 жашка чейин;
  • 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү;
  • турак үй айыл жергесинде иштеген жери боюнча сатылып алынат.
  1. Баткен облусунда кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматчылары:
  •  21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;
  • 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.
  1. 2006-2007-жылдары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы дарыгерлердин күнөөсү боюнча ВИЧ-инфекция менен ооруган балдар:
  • 21 жаштан тартып төлөө графиктерине ылайык ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учуруна 70 жашка чейин;
  • 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда/ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында жеке турак үйүнүн жоктугу;
  • катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурда акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугун өткөрүп берүүгө байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
  • катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

Программага катышуучуну тандоодо төмөндөгүдөй критерийлер бар: 

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

3) Сатып алынуучу турак жай: Эмгек ишин жүргүзүп жаткан жерден 60 км радиустагы аралыкта же иштеген жери боюнча облустун административдик-аймактык чек арасынын чегинде сатып алынат.

Мамлекеттик орган курган даяр үй берилет. 

  • Үстөк пайызы: жылына 4%. 
  • Мөөнөтү: 25 жылга чейин. 
  • Баштапкы төлөм: жок. 
  • Кепилдик берүүчү: жеке каралат. 

 

Жарандардын категориясы:

  • Мамлекеттик органдарда,
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын ведомстволук уюмдарында жана ишканаларында,
  • мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында,
  • мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында, мамлекеттик телерадио уюмдарында,
  • мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда эмгектенген жарандар.

Катышуучуларды тандоо критерийлери: 

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу (эгерде жогоруда көрсөтүлгөн айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

4. Жалпы эмгек стажы 2 (эки) жылдан кем эмес же ушул уюмда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы болгондо (айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

5. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

Көңүл буруңуз! 

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

Мамлекеттик орган курган даяр үйдөн берилет. 

  • Үстөк пайызы: жылына 6-8%.
  • Мөөнөтү: 25 жылга чейин. 
  • Баштапкы төлөм: турак-жайдын баасынан 10%. 
  • Кепилдик берүүчү: керек эмес. 

 

Жарандардын категориясы: 

Ишинин чөйрөсүнө карабастан, эмгек/чарба/ишкердик менен алектенген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары. Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары аймактар үчүн. 

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин же ижара төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу (эгерде жогоруда көрсөтүлгөн айрым категориялар үчүн башка кошумча критерийлер каралбаса);

4. 2 (эки) жылдан кем эмес жалпы иш стажынын же ушул уюмда ишкердик/экономикалык ишти жүргүзүү мезгилинде 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;

5. Катышуучунун төлөө жөндөмдүүлүгү.

Көңүл буруңуз! 

1) Катышуучуда, жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында турак жайда 20 (жыйырма) чарчы метр ашпаган жалпы үлүшү болгон учурда Программага катышууга уруксат берилет, эгерде аларда программага арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейинки акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшү менен байланышкан кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөр жок болгон учурда;

2) Эгерде катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 20 ч.м ашпаган үлүш болсо, Программага катышууга жол берилет. Катышуучуга, катышуучунун жубайына жана катышуучунун жашы жете элек балдарына мыйзам боюнча мураска калган турак жайдын 20 чарчы метрден ашпаган үлүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүм болгон учурда Программага катышууга жол берилет.

Кредиттер «РСК БАНК» ААК, «Коммерциялык БАНК КЫРГЫЗСТАН» ЖАК жана «КЫРГЫЗ ИНВЕСТИЦИЯЛЫК-Кредиттик БАНК» ЖАК (KICB) өнөктөш банктар аркылуу кезексиз берилет. 

  • Пайыздык чен: жылдык 8%
  • Баштапкы төгүм: турак жайдын баасынан 20% жогору
  • Мөөнөтү: 15 жылга чейин

Бардык жарандар, алардын ичинде чет жакта иштеген эмгек мигранттары үчүн. 

1. Программага катышуу үчүн арыз берген учурда 21 жаштан, ал эми ипотекалык кредиттин төлөмдөрүнүн акыркы суммасын төлөө учурунда пландалган төлөм графиктерине ылайык 70 жашка чейинки курак талабы;

2. Катышуучуда, катышуучунун күйөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк турак жайынын жоктугу;

3. Программага катышууга арыз берген күнгө чейин жана турак жайды каржылоону алган учурга чейин акыркы 3 (үч) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугуна өтүүгө байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жоктугу.

4. Программага катышуу үчүн электрондук арыз МИКтин электрондук порталы аркылуу берилет.

Ипотеканын предмети: Үлүштүк курулуштун шарттарында турак жай курулуш.

Пайыздык чен жана турак жайдын баасы: Турак жай курулуштун сметасына аныкталат. Смета бекитилгенден кийин сайтта баасы жана пайыздык чени жайгаштырылат.

Ипотеканын мөөнөтү: 15 жылга чейин.

Баштапкы төгүм: Сатып алынуучу турак жайдын наркынан 50% кем эмес. 

“Менин үйүм 2021-2026” программасына катышуу үчүн, арыздар онлайн түрүндө кабыл алынат.

1. https://portal.gik.kg шилтемеси боюнча өтүңүз;

2. Ачылган баракчада “Каттоо” баскычын басыңыз;

3. Бардык керектүү блокторду толтуруңуз (4 блок), андан кийин – “Сактоо” баскычты басыңыз;

Катталгандан кийин порталда Сизге жеке кабинет ачылат жана сиз жазган номерге убактылуу сырсөз менен SMS жөнөтүлөт;

4. ИННиңизди жана убактылуу сырсөзүңүздү колдонуп Жеке кабинетиңизге кириңиз, андан кийин өз сырсөзүңүздү орнотуу керек;

5. Андан ары, кызматтар үчүн төлөш керек, жеке эсеп жана суммасы “Кызматтарга төлөө” бөлүмүндө көрсөтүлгөн, Төлөмдү Элсом, Мегапей, Balance.kg, РСК 24, Элкарт Мобайл, О!Деньги, Оптима 24 мобилдик тиркемелери аркылуу жүргүзсө болот;

6. Төлөмдү жүргүзгөндөн кийин жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүү жолу менен Сиздин катталган жеке кабинетиңизди тастыктоо зарыл.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн макулдук онлайн Balance.kg мобилдик тиркеме аркылуу берилет, ал үчүн:

  • Balance.kg тиркемесин Play market же App store – дон жүктөңүз;
  • Balance.kg тиркемесинде онлайн-идентификация процедурасынан өтүңүз;
  • Идентификациядан кийин, Balance.kg тиркемесинде “Гос” менюсунда “МИКте катталуу” баскычты басыңыз, жолшдошуңуз “МИК: Жолдошунун макулдугу” баскычын басат. Эгер Сиз үй-бүлөлүү болсоңуз, жубайыңыз тиркемени өзүнчө жүктөп, онлайн-идентификациядан өтүп, “Гос” менюсунан “Жубайынын маалымат издөөгө макулдугу” баскычын басышы керек. (Жеке кабинетте “Жеке маалыматтарды издөөгө макулдугу” бөлүмүндө макулдук алынды деген белги көрсөтүлөт);

7. Профилди ырастагандан кийин, “Менин өтүнмөлөрүм” бөлүмүндө “Өтүнмө кошуу” баскычын басып, кошумча маалыматтарды киргизип, текшерүү үчүн өтүнмөнү “МИК” ААКна жөнөтүү керек. Өтүнмөнүн статусу “Текшерүүгө жөнөтүлдү” болушу керек 

Салыктарды жана КР Социалдык фондуна төлөмдөрдү төлөөдөн бошотулган мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун кызматкерлери жеке кабинетининдеги “Менин документтерим” бөлүмүндөгү иш стажын аныктоо үчүн, акыркы 12 ай үчүн эмгек акысынын маалымкатын жана башка эмгек ишмердүүлүгүнүн бар экендигин тастыктаган документтерди тиркейт.

Мамлекеттик турак жай программаларын тандоо критерийлерине ылайыктуулугун текшерүгө мамлекеттик органдардан электрондук маалыматтарды сурап алуу үчүн жеке маалыматтар менен иш жүргүзүүгө макулдук керек. 

Сиз мамлекеттик органдардан төмөнкү маалыматарды суроо үчүн төлөйсүз:

  • үй-бүлөлүк абалы;
  • иш стажы;
  • турак жайдын жок же бар экендиги.

Бир адам үчүн маалымат суроо кызматынын баасы 179 сом, анын ичинен:

  • 20 сом – туруктуу SMS билдирүү;
  •  2 сом – паспорттун маалыматтары жана үй-бүлөлүк абалы;
  • 157 сом – турак жайдын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат.

Катталгандан кийин өтүнмө (арыз) берүү этабы башталат. Анын жол-жобосу төмөндө:

 




    Окшош суроолор