Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Батирдин планировкасын кантип өзгөртсө болот?

ID1693
Көрүүлөр: 677
Актуалдуу: 25-06-2024
QR Code

Батирдин эки бөлмөсүн бириктирүү, бөлмөнү кеңейтүү, ашкана менен уктоочу бөлмөнү алмаштыруу, сантехникалык жана электр уюлдарын өзгөртүү. Ушульмаксатта батирдин планировкасына кийлигишүүнү каалагандар четтен табылат. 

Кыргызстанда каркастык конструкциядагы эски жана заманбап үйлөрдө кайра пландаштырууга уруксат берилген. Бул үчүн тийиштүү адистерден уруксат алынышы керек. 

Панелдик көп кабаттуу үйлөрдө батирдин планировкасын өзгөртүүгө тыюу салынган. 

Планировканы өзгөртүүдөн мурда бул ишке үйүңүзгө, батириңизге уруксат бар же жоктугун тактаңыз. Төмөндөгүлөрдү текшериңиз:

  • Негизи дубалдар жана курулуштарды. 
  • Инженердик системаларды (жылуулук, суу түтүгү, электр жабдууларын).
  • Желдетүү каналы жана башка маанилүү элементтерди.

Кайра пландоонун долбоорун кесипкөй архитектор же долбоорлоочу адис иштеп чыгышы керек. Долбоор төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

  • Батирдин учурдагы планы.
  • Мерчемделип жаткан өзгөртүүлөрдүн планы.
  • Зарыл учурда электр жабдуулары, сантехника, желдетүү боюнча бөлүктөрдү. 

Төмөнкү документтерди даярдаңыз:

  • Паспорт (эгерде юридикалык жак болсо, каттоо күбөлүгү). 
  • Арыз.
  • Батириңиздин техникалык паспортунун көчүрмөсү.
  • Батирдин планировкасы кандайча өзгөрөрүн чагылдырган эскиздик долбоор. Кагаз же электрондук түрдө жарайт. Эскиздик долбоорго инженердик тармактарга пландалган жүктөмдөр боюнча эсептөөлөр кошулушу керек. 

Кайра пландаштырууга имарат сейсмикалык жактан туруктуу деген бүтүм талап кылынат. Муну Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту же тийиштүү лицензиясы бар уюм берет. 

Курулуш пландарын ишке ашыруу үчүн арыз ээси бардык документтерди шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык мекемеге тапшырышы керек. Кароо 5 жумушчу күнгө созулат да, архитектуралык-техникалык чечим берилет. 

Оң чечим кабыл алынса, батирдин планировкасын өзгөртүүгө уруксат аласыз. Ошол уруксат курулуш иштерин баштоого негиз болуп берет.

Иштер бекитилген долбоор боюнча так жүргүзүлүүгө тийиш. Планировканы өзгөртүүгө адистешкен, лицензиясы бар аткаруучуларды жалдасаңыз туура болот. 

Оңдоо иштерин аяктаган соң, аларды расмий түрдө “Кадастр” мекемесинен каттоо керек. Мында бардык жүргүзүлгөн өзгөртүүлөрдү эске алуу менен квартирага техникалык паспорт жаңыртылат.

Кайра пландаштыруу тиешелүү уруксаты жок жүргүзүлсө, олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мыйзамга ылайык, ар бир адам белгиленген курулуш, архитектура жана шаар куруу нормаларын, стандарттарын сактоого милдеттүү. Эрежени бузгандарга айып пул каралган. Жеке адамдар үчүн айып 75 эсептик көрсөткүчтү (7 500 сомду), юридикалык жактар ​​үчүн 230 эсептик көрсөткүчтү (23 000 сомду) түзөт. 

Турак жай кодексине ылайык, көп кабаттуу үйдөгү турак эмес жайдын (мисалы, биринчи кабаттагы коммерциялык жайлардын) ээси өз алдынча кайра пландаштыруу жүргүзсө, ал имаратты баштапкы калыбына келтирүүгө милдеттүү жана мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат. 

Мыйзамсыз кайра пландаштыруу имаратка зыянын келтирип/келтирбегенин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту аныктайт.

Батирдин планировкасы өзгөртүлгөнү техникалык паспортто көрсөтүлүшү керек, ошол документти текшериңиз. Эгерде уруксаты жок жасалган иштер болсо, жогорудагы жол-жобого таянып, мыйзамдаштырууга аракет кылыңыз. 

Эгерде мурда жасалган өзгөртүүнү адистер баалап чыккан соң, терс бүтүмүн берсе, анда батирди баштапкы пландагы калыбына келтириш керек.




    Окшош суроолор