Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жаран эркинен ажыратылса, ал келтирген материалдык чыгым кантип өндүрүлөт?

ID2381
Көрүүлөр: 19
Актуалдуу: 19-11-2024
QR Code

Эгерде сот жаранды эркинен ажыратып, ошол эле учурда аны материалдык чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирсе, анда чыгымды өндүрүү  төмөндөгүдөй тартипте ишке ашат: 

Сот айыптуу жаран жабыркаган тарапка төлөп берчү материалдык зыяндын суммасын так аныктайт. Бул сумма соттук чечимде көрсөтүлөт. 

Сотун чечими күчүнө кирген күндөн тарта аткаруу баракчасы сот аткаруучуларга берилет. Алар сот чечимин мажбур түрдө аткартуу процессин башташат. 

Сот аткаруучулар зыянды өндүрүүнү кепилдеш үчүн  соттолгон адамдын мүлкүн камакка алышы мүмкүн. Анын ичинде соттолуучунун мүлкүн аукциондо сатып, чыгымдын ордун толтуруу чарасы камтылышы ыктымал. 

Эгерде соттолгон адам чыгымды төлөп берүүгө дараметсиз болсо, анда Министрлер кабинети аныктаган тартипте атайын фонддун эсебинен жабыркаган тарапка сот чечиминдеги сумма төлөнүп берилет.




    Окшош суроолор