Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Тергөөчүнүн же прокурордун аракеттерине кантип даттанса болот?

ID941
Көрүүлөр: 221
Актуалдуу: 29-03-2024
QR Code

Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттерине (аракетсиздигине) жана чечимдерине белгиленген тартипте даттанууга болот. 

Арыз-даттануулар оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Оозеки даттануу протоколго киргизилет, ага арыз ээси жана даттанууну кабыл алган кызмат адамы кол коет. Даттанууга кошумча материалдар тиркелиши мүмкүн.

Даттанууну берген адам аны кайра чакыртып алууга укуктуу. Даттанууну кайтарып алуу кайрадан даттанууга тоскоол болбойт.

Эгерде тергөөчү, прокурор же судья зарыл деп таппаса, даттанууну берүү даттанылып жаткан аракетти жүргүзүүнү жана даттанылып жаткан чечимди аткарууну токтото албайт. 

Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануулар бул аракеттердин натыйжалары менен таанышкан же чечимдин көчүрмөсүн алган учурдан тартып 10 сутканын ичинде берилиши мүмкүн.

Камакта кармоочу жайдын администрациясы кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адамдардын же камакта жаткандардын даттанууларын тергөө бөлүмүнүн жетекчисине, тергөөчүгө, прокурорго, сотко токтоосуз берүүгө милдеттүү.

Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн аракетине кармалгандардын же камакта жаткандардын даттанууларын камакта кармоочу жайдын администрациясы прокурорго же сотко, ал эми прокурордун аракетине жана чечимине даттанууларды жогору турган прокурорго 12 сааттан кечиктирбей берүүгө милдеттүү.

Прокурор, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси даттанууну алган күндөн тартып 3 суткадан кечиктирбестен карайт. Даттанууну текшерүү үчүн кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон өзгөчө учурларда даттанууну 10 суткага чейинки мөөнөттө кароого жол берилет, бул жөнүндө арыз ээсине билдирилет.

Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча даттанылып жаткан чечимди жокко чыгаруу же өзгөртүү менен даттанууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу же болбосо даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, бул жөнүндө арыз ээсине билдирилүүгө тийиш.

Прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн, алгачкы текшерүү органдарынын жетекчилеринин токтомдору жана башка чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн.

Даттануу келип түшкөн күндөн тартып 10 суткадан кечиктирбестен сот отуруму арыздануучунун жана анын адвокатынын, даттанылып жаткан аракеттер (аракетсиздиктер) же чечимдер таламдарына түздөн-түз тиешелүү болгон башка адамдардын катышуусу менен өткөрүлөт. Даттанууну кароонун убактысы жөнүндө өз убагында кабарланган жана аны өздөрүнүн катышуусу менен кароону талап кылбаган адамдардын келбей кошу сот тарабынан даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

Прокурордун, тергөөчүнүн чечимдеринин жана аракеттеринин (аракетсиздигинин) мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилгенден кийин тергөө судьясы токтом чыгарат, ал жарыя кылынгандан кийин токтоосуз тараптарга тапшырылат.






    Окшош суроолор