Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Мен кылмышка күбө болдум. Эмне кылышым керек?

ID1086
Көрүүлөр: 159
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Күбө – жазык сот өндүрүшүндө өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө көрсөтмө берүүгө чакырылган адам.

Күбөнүн көрсөтмөлөрү тергөөдө, сот өндүрүшүндө чоң мааниге ээ жана иш боюнча далил болуп саналат. 

Күбө ишке тиешелүү ар кандай жагдайлар тууралуу суралышы мүмкүн. Алсак, шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун инсандыгы жөнүндө; ушул адамдар менен же дагы башка күбөлөр менен өз ара мамилеси тууралуу. 

Бирок күбөдөн мыйзамды бузуу менен алынган маалымат жол берилгис далил болуп саналат, юридикалык күчкө ээ эмес жана иш боюнча чечимге таасир эткен негиздердин бири боло албайт. 

Мисалы, эгерде күбөдөн кыйноо, зомбулук, коркутуу, алдоо, ага тете башка мыйзамсыз аракеттер жана катаал мамиле аркылуу көрсөтмө алынса, же күбөнүн көрсөтмөлөрү божомолдорго, ушактарга негизделсе, мындай далилдер жол берилгис деп табылат.

Күбө суракка чакыруу кагазы менен чакырылат.

Күбөлөр өз-өзүнчө суралат. Суракка башка күбөлөр, жабырлануучу катышпайт. Бир иш боюнча өтүп жаткан күбөлөр жана жабырлануучулар өз ара сүйлөшө албагыдай шартты тергөөчү камсыздайт. 

Сурактын алдында тергөөчү күбөгө укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Көрсөтмө берүүдөн баш тартса, качса, атайылап жалган көрсөтмө берсе, кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертет. 

Ошол эле учурда күбө өзүнө, жакын туугандарына, жубайына каршы күбө берүүдөн баш тартууга укуктуу экенин тергөөчү түшүндүрүүгө милдеттүү.

Күбө төмөндөгүлөргө укуктуу:

  • көрсөтмөнү эне тилинде же өзү билген башка тилде берүүгө, квалификациялуу котормочунун кызматынан пайдаланууга;
  •  көрсөтмөлөрүн өз колу менен баяндоого;
  • сурактын протоколу менен таанышууга, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
  •  көрсөтмөлөрдү берүүдө кыска жазууларды жана документтерди пайдаланууга;
  • соттун, прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызматкеринин аракеттерине даттанууга;
  • иш боюнча өндүрүштө тарткан чыгымдарынын ордун толтуртууга;
  •  сурак жүргүзүүдө адвокат алууга.

Күбөнүн укуктар менен катар эле милдеттери да бар:

  • соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келүү;
  • иш боюнча ага белгилүү болгондордун бардыгын туура билдирип, берилген суроолорго жооп берүү;
  • иш боюнча өзүнө белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө маалыматтарды сурак жүргүзүүчүнүн уруксаты жок ачык жарыялабоо.

Күбө жүйөлүү себептерсиз келбей койсо, ал мажбурлап алып келиниши мүмкүн.

Күбө билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги, көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы же четтегендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Күбө өзүнө же жакын туугандарына, жубайына каршы көрсөтмө берүүгө милдеттүү эмес.

Эгерде кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу күбөгө карата зомбулук көрсөтүү коркунучу бар болсо, күбө токтоосуз тергөөчүгө кайрылууга тийиш.

Коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө арыз түшкөн убактан тартып 24 сааттан кечиктирилбестен каралышы керек. Тергөөчү күбөнүн, ошондой эле анын жакын туугандарынын, жубайынын коопсуздук чараларын көрүүгө милдеттүү, коопсуздук чараларын көрүү жөнүндө токтом чыгарат. Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсүн күбөгө жиберип, аны соңку чечимдер боюнча токтоосуз кабардар кылат. 

Эгерде тергөөчү коопсуздук чараларын көрүүдөн баш тартса, күбө прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.

Тергөөчү дайындай турган коопсуздук чараларынын түрлөрү:

  •  зомбулук коркунучун жаратып жаткан адамга “кылмыш жоопкерчилигине тартылышың мүмкүн” деп расмий эскертүү;
  • корголуучу адам (биздин учурда күбө) жөнүндө маалыматтын башкаларга жеткиликтүү болушун чектөө;
  • күбөнүн жеке коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө тапшырма чыгаруу;
  • кылмышка шектүү күбөгө коркунуч жаратып жатса, анда анын бөгөт чарасын өзгөртүү;
  • жакындоого тыюу салуу.

Эгерде күбө жашы жете элек (18 жашка чыга элек) бала болсо, аны коргоо максатында төмөнкү чаралар колдонулушу мүмкүн: 

  • сырткы көрүнүшүн жана (же) үнүн өзгөрткөн түзүлүштөрдүн жардамы менен суракка алуу, тунук эмес экран аркылуу суракка алуу же аралыктан суракка алуу;
  • күбө баланы суракка алууда айыпталуучуну сот залынан чыгаруу.

Тергөөчү күбө баланын катышуусундагы бардык тергөө иш-чараларын балдарга ыңгайлуу бөлмөдө жүргүзүүгө милдеттүү. Сот күбө балага байланыштуу иш-чараларды атайын жабдылган залдарда өткөрүүгө милдеттүү.

Жазыктык сот ишин жүргүзүүнүн тартибин камсыз кылуу максатында тергөөчү күбөгө карата төмөнкүдөй чараларды колдонууга укуктуу: 

  • Келүү жөнүндө милдеттенме – эгерде күбө тергөө аракеттерине же соттук териштирүүгө катышуудан качса же болбосо жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койсо, андан келүү жөнүндө милдеттенме алынат. Эгерде катышуу милдеттенмеси аткарылбаса, күбөгө айдап келүү колдонулушу мүмкүн.
  • Айдап келүү – тергөөчүгө же сотко мажбурлап алып келүү. Айдап келүү түнкүсүн жасалбайт. 

14 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу жашаган жерин калтыра албаган же калтырбашы керек болгон оорулууларды суракка айдап алып келүүгө болбойт. Бул жагдай медициналык мекеме тарабынан тастыкталууга тийиш.




    Окшош суроолор