Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кайсы учурларда тараптардын элдешүүсүнө жол берилет? 

ID927
Көрүүлөр: 151
Актуалдуу: 29-03-2024
QR Code

Тараптардын элдешүүсүнө төмөнкү учурларда жол берилет:

  • анча оор эмес кылмыш жасалганда (бул кылмыш үчүн эркинен ажыратуу жазасы каралган эмес);
  • анча оор эмес кылмыш жасалганда (бул атайылап жасалган кылмыш, ал боюнча 5 жылдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган);
  • этиятсыздыктан улам кылмыш жасалганда (бул үчүн 10 жылдан ашпаган мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган);
  • келтирилген зыянды төлөп берген учурда. 

Тараптардын элдешүүсүнө төмөнкү учурларда жол берилбейт: 

  • коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына тиешеси бар кылмыш жасалганда;
  • уюшкан топ же кылмыштуу шериктештиктин курамында кылмыш жасалганда;
  • Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш жасалганда (баңгизат каражаттарын же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан улам мас абалында жол эрежелерин бузуу жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоо).

Элдешүү жөнүндө өтүнүч кылмыш жасаган адам же жабырлануучу тарабынан өз алдынча, ошондой эле медиатордун жардамы менен берилиши мүмкүн. 

*Медиатор – бул медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, жазык сот өндүрүшүнүн тараптарына талашты жөнгө салууда жана алардын өз ара макулдашууга жетишүүсүндө жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак.

Тергөө башталган учурдан тартып Жогорку сот чечим чыгарганга чейинки аралыкта элдешүүгө барса болот.

Тергөөчү менен сот тараптарга элдешүү укугу жөнүндө маалымат берип, элдешүүнү ишке ашыруунун жол-жобосун түшүндүрүүгө милдеттүү. Ошондой эле алар элдешүүгө тоскоолдук кылбашы керек. 

Эгерде бир кылмыштан бир нече адам жабыр тартса, анда бардык жабырлануучулар менен элдешүү жүргүзүлүшү керек. 

Тараптардын элдешүү жөнүндө өтүнүчү боюнча тергөөчү элдешүү тууралуу макулдашууну түзөт. Анда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

  • элдешүү макулдашуусу түзүлгөн күн жана жер;
  • элдешүүгө барып жаткан тараптардын аты-жөнү, эгер бул ишке медиатор катышып жатса, анда анын да аты-жөнү;
  • кылмыш кесепетинде келтирилген чыгымдын өлчөмү же кылмыш жасаган шектүү/айыпталуучу адам жабырлануучунун пайдасына жасай турган аракеттердин тизмеси, зыянды төлөөнүн же аракеттерди ишке ашыруунун мөөнөтү. 

Элдешүү келишимине тараптар кол коюушат, эгер медиатор болсо, ал да колун коет. Макулдашуунун көчүрмөлөрү тараптарга берилет.

Тараптардын элдешүүсүн негиз кылып алып, тергөөчү же сот кылмыш ишин токтотот, бул жөнүндө токтом чыгарат.

Элдешүүнүн негизинде ишти токтотуу боюнча токтомдун үстүнөн тергөөнү көзөмөлдөгөн прокурорго же сотко даттанса болот. Мөөнөтү – кылмыш ишин токтотуу тууралуу токтомду алгандан тарта 10 күндүн ичинде.




    Окшош суроолор