Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кайсы учурда жаза мөөнөтүн өтөөнү кийинкиге жылдырса болот?

ID997
Көрүүлөр: 137
Актуалдуу: 05-04-2024
QR Code
  • айыпкер же соттолгон кош бойлуу аялга;
  • 14 жашка чейинки баласы бар аялга, бирок өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондорго бул чара тийиштүү эмес; 
  • 14 жашка чейинки баласы бар жалгыз бой атага, бирок өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондорго бул чара тийиштүү эмес. 

Сот алардын жаза өтөө мөөнөтүн бала 14 жашка толгонго чейин кийинкиге калтыра алат.

Соттолгон адам өзү же анын адвокаты (мыйзамдуу өкүлү) жаза мөөнөтүн өтөөнү кийинкиге жылдыруу өтүнүчү менен сотко кайрыла алат. 

Адвокат (мыйзамдуу өкүл) өтүнүчтү өз алдынча берет, ал эми соттолгон адам болсо түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу кайрылат. 

Жаза мөөнөтүн өтөөнү кийинкиге жылдыруу боюнча сунуш бир апта ичинде сотко жиберилет.

Өтүнүчкө төмөндөгүлөр кошо тиркелет:

  • соттолгон адамга мүнөздөмө;
  • жеке делосу;
  • туугандарынын “соттолгон адамды жана баласын кабыл алабыз, турак-жай менен камсыздайбыз, жашоо үчүн зарыл шарты болот” деген маалымкаты;
  • кош бойлуу же балалуу деген маалымкат.

 

Өкүмдү аткарууну кийинкиге жылдыруу маселесин сот прокурордун катышуусунда чечет. 

Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттун оң чечимин алган учурда соттолгон адамды бошотот. 

Соттолгон адамдан “жашаган жериме барган соң беш күндүн ичинде пробация органына барам” деген тилкат алынат. Пробация органы соттолуучуну каттоого коет да, мындан аркы жүрүм-турумун көзөмөлгө алат. 

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн соттолгондор баладан баш тартса же баланы тарбиялоо боюнча милдеттерден качууну уланта берсе, сот жазаны өтөөнү кийинкиге калтырууну жокко чыгарып, аларды жазаны өтөө үчүн абак жайларына жибериши мүмкүн.

Бала он төрт жаш жашка толгондо, сот төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алууга укуктуу:

  • соттолгон жаранды жазаны же жазанын калган бөлүгүн өтөөдөн бошото алат;
  • жазанын калган бөлүгүн жазанын жумшагыраак түрүнө алмаштыра алат;
  • соттолгон жаранды жазанын калган бөлүгүн өтөш үчүн абакка жибериши мүмкүн. 




    Окшош суроолор