Башкалардын мүлкүн жок кылуу же бузуу кылмыш болуп саналат. Мындай аракеттер келтирилген зыяндын көлөмүнө жана иш кандай шартта жасалганына жараша кылмыш же административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
- Мүлктү жок кылуу — бул мүлктүн баалуулугун же пайдалануу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жок кылуу (мисалы, өрттөө, талкалоо).
- Мүлктү бузуу — бул мүлктүн абалын начарлатуу, баасын төмөндөтүү же функционалдуулугун азайтуу (мисалы, сындыруу, чийүү)
Дагы бир нече мисалды келтирели: үйдү же унааны өрттөө; эмеректи, терезени, техниканы атайылап бузуу; башка бирөөнүн менчигине сүрөт тартуу же жазуу.
Мүлктү жок кылуу же бузуу үчүн шартка жараша төмөндөгүдөй жаза каралган:
- Айып пул
- Жазанын бул түрү анча оор эмес учурларда колдонулат.
- Башкалардын мүлкүн жок кылуу же бузуунун кесепетинде анча чоң эмес зыян келтирилсе, анда бул аракет үчүн 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (20 000 сом) айып пул салынат.
- Түзөтүү иштерине тартуу
- Жазанын бул түрү мыйзам бузуунун мүнөзүнө жараша дайындалат.
- Эркинен ажыратуу жана кылмыш жоопкерчилиги
Эгерде жасалган аракет коомго коркунуч туудурса, жазанын ушул түрү колдонулат. Мисалы:- Өрттөп, жардырып же коом үчүн коркунучтуу башка ыкмалар менен мүлктү жок кылуу же бузуу.
- Олуттуу зыян келтирүү.
- Аракетти атайылап жасоо.
- Кылмышты адамдардын тобу менен жасоо.
Мындан тышкары мыйзамды бузган тарап жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгымды толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү.