Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Башкалардын мүлкүн жок кылып же бузгандар үчүн кандай жаза каралган?

ID2931
Көрүүлөр: 28
Актуалдуу: 09-01-2025
QR Code

Башкалардын мүлкүн жок кылуу же бузуу кылмыш болуп саналат. Мындай аракеттер келтирилген зыяндын көлөмүнө жана иш кандай шартта жасалганына жараша кылмыш же административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

  • Мүлктү жок кылуу — бул мүлктүн баалуулугун же пайдалануу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жок кылуу (мисалы, өрттөө, талкалоо).
  • Мүлктү бузуу — бул мүлктүн абалын начарлатуу, баасын төмөндөтүү же функционалдуулугун азайтуу (мисалы, сындыруу, чийүү)

Дагы бир нече мисалды келтирели: үйдү же унааны өрттөө; эмеректи, терезени, техниканы атайылап бузуу; башка бирөөнүн менчигине сүрөт тартуу же жазуу. 

Мүлктү жок кылуу же бузуу үчүн шартка жараша төмөндөгүдөй жаза каралган:

  • Айып пул
    • Жазанын бул түрү анча оор эмес учурларда колдонулат.
    • Башкалардын мүлкүн жок кылуу же бузуунун кесепетинде анча чоң эмес зыян келтирилсе, анда бул аракет үчүн 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (20 000 сом) айып пул салынат.
  • Түзөтүү иштерине тартуу
    • Жазанын бул түрү мыйзам бузуунун мүнөзүнө жараша дайындалат.
  • Эркинен ажыратуу жана кылмыш жоопкерчилиги
    Эгерде жасалган аракет коомго коркунуч туудурса, жазанын ушул түрү колдонулат. Мисалы:

    • Өрттөп, жардырып же коом үчүн коркунучтуу башка ыкмалар менен мүлктү жок кылуу же бузуу.
    • Олуттуу зыян келтирүү.
    • Аракетти атайылап жасоо. 
    • Кылмышты адамдардын тобу менен жасоо. 

Мындан тышкары мыйзамды бузган тарап жабырлануучуга келтирилген материалдык чыгымды толугу менен төлөп берүүгө милдеттүү. 




    Окшош суроолор