Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Абактан мөөнөтүнөн мурда чыгыш үчүн эмне кылыш керек?

ID1251
Көрүүлөр: 167
Актуалдуу: 18-04-2024
QR Code

Эркинен ажыратылгандар же аскердик дисциплинардык бөлүктө кармалгандар жазасынаньшарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда кутула алышат. 

Эгерде соттолгон адам төмөнкү шарттардын бардыгына жооп берсе, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн:

  1. Оң жакка өзгөргөнүн көрсөтүп, коомго ийгиликтүү аралаша алды.
  2. Кылмышы менен келтирген зыяндын кеминде жарымын төлөп берди.
  3. Жоюлбаган тартиптик жазасы жок. 
  4. Жаза өтөө учурунда эмгекке жана окууга ак ниет мамиле жасаган.
  5. Эгер алкоголго, баңгизатына же дагы башка нерселерге көз карандылыгы болсо, дарылануу курсунан өттү. 

Соттолгон адам өзү же абактын жетекчилиги аркылуу тийиштүү арызды жазат да, маселени сот чечет. 

Мөөнөтүнүн мурда эркиндикке чыгыш үчүн соттолгон адам жасаган кылмышына жараша жазасынын төмөндөгүдөй бөлүгүн өтөп бүтүшү керек:

– анча оор эмес кылмыш жасагандар жаза мөөнөтүнүн 2/3 кем эмесин;

– оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандар жаза мөөнөтүнүн 3/4 кем эмесин;

– эгерде соттолгон адам мурда мөөнөтүнөн мурда шартуу түрдө бошотулуп, бирок ал чечим кайра жокко чыгарылган болсо, анда ал жаза мөөнөтүнүн кеминде 3/4 бөлүгүн өтөп бүтүшү талап;

– медиация алкагында жабырлануучу тарап менен макулдашууга жетише алгандар анча оор эмес кылмышы үчүн белгиленген мөөнөттүн жарымынан кем эмесин өтөп бүтүшү зарыл;

– өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазанын кеминде 25 жылын өтөп бүтүшү керек. 

Жазаны өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу төмөнкү кылмыштар боюнча соттолгон адамдарга карата колдонулбайт:

– баланын өмүрүнө же баланын жыныстык кол тийбестигине кол салуу;

– баланын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар;

– кыйноо;

– тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар, ошондой эле согуш кылмыштары;

– уюшкан топтун же кылмыштуу шериктештиктин курамында жасалган кылмыштар;

– терроризм актысы же экстремисттик уюмду түзүү;

– коомдук коопсуздукка, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар.

1-кадам: Шарттуу түрдө бошотууну соттолгон адам өз алдынча же өзү жаткан түрмөнүн башкаруучулары аркылуу сураса болот.

2-кадам: Арызды алган соң абактын администрациясы иштин чоо-жайын текшерет. 

3-кадам: Соттолгон адам жаза мөөнөтүнүн талап кылынган бөлүгүн өтөгөндөн кийин, абак администрациясы бир айдын ичинде шарттуу түрдө бошотуу жөнүндө арызды карап чыгып, сунуштаманы сотко жибериши керек.

4-кадам: Сунуштамада соттолгон адамдын жүрүм-туруму, анын жаза өтөө мезгилиндеги эмгекке жана окууга болгон мамилеси жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.

5-кадам: Эгерде соттолгон аял кош бойлуу болсо жана коомдук жумуштарга тартылса, абактын башчысы бул жагдайларды эске алуу менен аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш берет.

6-кадам: Эгерде сот мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун четке какса, жаңы сунуш соттун чечиминен кийин үч айдан гана берилиши мүмкүн.

Соттолгон адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыкса, ага жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтүнөн ашпагыдай эсептеп 3 жылга чейин сыноо мөөнөтү берилет. 

Пробациялык орган бул аралыкта аны көзөмөлгө алат. 

Эгер соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузса, сот тийиштүү чечимин жокко чыгарып, аны жазасын өтөөнү улантуу үчүн кайрадан абакка кайтара алат. 




    Окшош суроолор