Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсияны кантип алса болот?

ID628
Көрүүлөр: 89
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

    Эгерде адамда каза болгон күнүнө карата 1 жылдан 5 жылга чейинки стажы болсо, анда анын багуусунда болгон үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөлөрү “багуучусунан айрылгандыгы боюнча” пенсия алууга укуктуу. Үй-бүлөнүн багуучусу дайынсыз жоголсо жана жоголгону сот аркылуу ырасталса, анда алар да ушул категориядагы пенсияны алуугу укуктуу. 

     Эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрү деп кимдер саналат: 

    • 16 жашка толо элек балдар же 18 жашка толгонго чейин майып болуп калган жашы жеткен адамдар (анын ичинде асырап алынгандар, өгөй балдар жана өгөй кыздар);
    • эгерде алардын эмгекке жарактуу ата-энеси жок болсо, 16 жашка толо элек карындаштары, бир туугандары, неберелери;
    • эгерде алар баккан адам өлгөн учурга карата пенсиялык куракка жетсе же майып болуп эсептелсе, ата-энеси, күйөөсү, аялы үй-бүлөнүн эмгекке жараксыз мүчөлөрү деп эсептелет.

    Көңүл буруңуз: 

    • Балдарга пенсиялар алардын баккан адамдын багуусунда болгон же болбогондугуна карабастан дайындалат.
    • Күндүзгү окуу формасы боюнча окуган бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын окуучулары багар-көрөрүнөн ажырап калса, окуусун бүткөнгө чейин, бирок 23 жаштан ашпаган куракка чейин пенсия алууга укугу бар.
    •  Эгерде баккан адамы өлүп калган үй-бүлөнү ал толугу менен багып турса, анын үй-бүлө мүчөлөрү анын багуусунда болгон деп таанылат.
    •  алуучунун паспорту (качкын расмий статусуна ээ болгон жарандар үчүн – качкындын күбөлүгү, КР аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн – КР Ички иштер органы тарабынан берилген жашап турууга уруксат кагазы);

    Баккан адамдын документтери:

    • эмгек китепчеси;
    • орто же жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (1999-жылдын 19-февралына чейинки окуу кабыл алынат, күндүзгү окуу);
    •  аскердик билет;
    •  аялдар үчүн: балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
    • 1996-жылга чейин үзгүлтүксүз 60 ай иштегендеги эмгек акысы тууралуу маалымкат;
    • башка фамилияга берилген документтер болгон учурда никени каттоо же бузуу жөнүндө күбөлүк;
    •  баккан адамынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

    Багуудагы адамдын документтери:

    • эмгекке жарамсыз багуучулардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
    • эгерде багуудагы адам бала кезинен майып болсо, майыптуулук тобун белгилөө жөнүндө МСЭКтин маалымкаты;
    • үй-бүлөнүн эмгекке жарамсыз мүчөсү маркумдун багуусунда болгонун ырастоочу документтер;
    • камкорчунун арызына аны камкорчу кылып дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөсү тиркелет;
    • өгөй баланын (өгөй кыздын) маркумдун тарбиясында жана багуусунда болгонун тастыктаган документтер;
    • багуудагы адамдар атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери экендигин тастыктаган документтер.

    Жөлөк пулду которуш үчүн төмөнкү бакнтардын биринде эсеп болушу керек:

    • “Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН”;
    • “Азия Банкы”;
    • “Компаньон Банкы”;
    • “Бакай Банк”;
    • “Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы”;
    • “РСК Банк”;
    • “Айыл Банк”;
    • “Керемет Банк”;
    • “Бай-Түшүм”.

    1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/  

    Багуучусунан айрылган баланын (балдардын) ата-энесинин бири онлайн режиминде кайрыла алат. Эгерде жаран баланын камкорчусу/көзөмөлчүсү же ишенимдүү адамы болуп саналса, анда аймактык бөлүмгө арыз менен жеке өзү кайрылып, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты же камкорчуну/көзөмөлчүнү дайындоо жөнүндө соттун чечимин бериши зарыл.

    Арызды кантип онлайн тапшырса болот: 

    • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
    • Кызматтар каталогунан каалаган кызматты тандоо;
    • Кызмат алууга табыштаманы тариздөө;
    • Жеке кабинетте “алынган кызматтар” бөлүмүндө сиздин өтүнмөнү иштеп чыгуунун статусун карап турса болот. 
    1. Мекемеге кайрылуу. Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө толук документтердип алып барыңыз. 

    Арызыңыз 10 жумушчу күндүн ичинде каралат. 

    Чечим кандай өңүттө болушу мүмкүн:

    • багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындоо;
    • даттануунун себебин жана тартибин көрсөтүү менен пенсия дайындоодон баш тартуу;
    • кошумча документтерди суроо. 

    Көңүл буруңуз: эгерде кошумча документтер талап кылынса, анда алар жөлөк пул алуу укугу пайда болгондон 6 айдын ичинде тапшырылышы керек. Жетим жана багуучусунан ажыраган балдар үчүн мөөнөт – 12 ай. Эгерде бардык документтер өз убагында берилсе, жөлөк пул ага укук пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.

    Эгерде кошумча суралган документтер 6 айдан кеч тапшырылса, анда жөлөк пул документтер толук кабыл алынган күндөн эсептелет. 

     

    Жөлөк пулдар банктар же почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт. Багар-көрөрү жоктугу боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 3000 сомду түзөт. 




      Окшош суроолор