Кыргызстанда көптөгөн аялдар “жалгыз бой эне” деген макамды кантип алам, мамлекет үй жагынан көмөк береби?” деген суроолор менен көп кайрылышат. Тилекке каршы, бизде “жалгыз бой эне” деген расмий макам жок.
«Калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамына ылайык, жалгыз бой эне деп никеде турбаган, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы деген жери бош турган же эненин арызы менен жазылган аялдар саналат. Мыйзамда бул аныктама берилген менен жалгыз бой энелерге эч кандай жеңилдик же колдоо каралбайт.
Биз жалгыз бой энелер үчүн мүмкүнчүлүктөрбоюнча маалыматтарды топтоого аракет кылдык.
Жалгыз бой энелер балдарына башка үй-бүлөлөр сыяктуу эле «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алса болот. Аларга өзгөчө шарт же жеңилдик жок, жалпы талаптарга жооп бериши керек.
Жалгыз бой энелерге акысыз үй берилбейт. Жер тилкесин алууга жалпы шартта айыл өкмөтүнө арыз бере алат.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Социалдык ипотека» программасынын алкагында жалгыз бой энелер жеңилдетилген шартта турак-жай ала алышат:
- жылына үстөгү – 4%;
- мөөнөтү – 25 жылга чейин;
- баштапкы төлөмсүз.
Жалгыз бой энелердин (же аталардын) жалгыз уулу милдеттүү аскердик кызматтын ордуна альтернативдик кызматка чакырылат.