Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жаш курагы боюнча жалпы негиздеги пенсияны кантип туураласа болот? 

ID682
Көрүүлөр: 103
Актуалдуу: 26-03-2024
QR Code

Жаш курагы: эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш.

Эмгек стажы: минималдуу эмгек стажы эркектер үчүн 25 жыл, аялдар үчүн 20 жыл болушу керек.

63 жаштан өткөн эркектер жана 58 жаштан өткөн аялдар толук стажга ээ болбосо да, пенсияга чыга алышат. Бул учурда пенсиянын базалык бөлүгүн стаждын жылына көбөйтүп, талап кылынган стаждык жылга бөлүшөт. 

Белгиленген жаштан эрте пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Толук маалыматты бул жерден карасаңыз болот.

Камсыздандырылган адам пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда  курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө укуктуу.

Негизги документтер: 
  • паспорт,
  • эмгек китепчеси
  • 1996-жылга чейинки каалаган аралыктагы үзгүлтүксүз 60 ай үчүн маяна тууралуу маалымкат. 
 
Кошумча документтер:
  • жогорку же орто атайын билими тууралуу диплом,
  • аскердик билет,
  • аялдар үчүн: балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү.

Курагы боюнча пенсия алууга арыз жазыңыз, бардык чогултулган документтерди Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына тапшырыңыз. 

Көңүл буруңуз: Карылар үйлөрүндө, майыптар үчүн мекемелерде жашаган же абакта отурган пенсияга алууга укуктуу жарандар өз мекемесинин администрациясы же ишенимдүү адамы аркылуу Социалдык фонддун аймактын башкармалыгына кайрылса болот. Пенсияны алуучу аракетке жөндөмсүз болсо, арызды анын камкорчусу же ал жашаган мекеме берет. 

Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндөгү арыз ал кабыл алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же  кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат.

Арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда Соцфонд тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен бул тууралуу арыздануучуга кабарлайт:

  • катта тартуунун себептери айтылат;
  • даттануунун тартиби көрсөтүлөт;
  • кайрылган адамдын документтерин кайтарып берет.
 

Соцфонд сизге пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде пенсия дайындоо боюнча протокол деп аталган документти берет. Анда пенсияңыз кантип эсептелгени, кайсы аралыктагы жумушуңуз эске алынганы, эсепке негиз кылып кайсы айлык-акы тандалганы көрсөтүлөт. Документ аркылуу пенсияңыздын өлчөмү кантип аныкталганын түшүнө аласыз. 

Эгер сиз пенсияңыздын өлчөмүн макул көрбөсөңүз, Соцфонддун атайын комиссиясына кайра аласыз. Эгер бул жол да сиз каалаган жыйынтыкка алып келбесе, сотко кайрыла аласыз. 

Буга кошо ошол ай ичинде пенсияңыздын эсеп-кысабын электрондук түрдө өз алдынча текшере аласыз. Бул үчүн Социалдык фонддун сайтындагы жеке кабинетке киресиз. 

Пенсия өткөн ай үчүн чегерилет. Төлөмдү алыш үчүн ыңгайлуу жолду пенсионер өзү аныктайт:

  • банктагы жеке эсебине которуу;
  • почта аркылуу үйгө жеткирүү;
  • Соцфонддун бөлүмүнөн алуу. 

Мындан тышкары жаран пенсиясын ишенимдүү адамы аркылуу ала алат. Ишеним кат бир жылга түзүлөт. Кийин ушул эле каттын мөөнөтүн узартып туруу керек.

Дем алыш же майрам күндөргө туура келбесе, пенсиянын акчасы банктарга ар айдын 10-күнүнөн которулат. Банк Социалдык фонддун жергиликтүү бөлүмдөрүнөн акчаны жана пенсионерлердин тизмесин алгандан кийинки күнү пенсияны пенсионердин эсебине чегерүүгө тийиш. 

 

Пенсияга документ тууралоо же дагы башка маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун расмий сайтына баш багыңыз же  аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

  • Сайты: http://socfond.kg/ru/contacts/ 
  • Телефон номурлары: 0 (312) 54-33-16 же 0 (312) 57-66-61;
  • Ыкчам байланыш номуру: 1202. 

Жазуу жүзүндөгү арыз-даттануулар Социалдык фонддун аймактык бөлүмдөрүндө жана борбордук кеңсесинде кабыл алынат. Арызыңызда аты-жөнүңүз, дарегиңиз, байланыш номериңиз сөзсүз көрсөтүлсүн. Эмне маселе менен кайрылып жатканыңызды толук жана так сүрөттөңүз. Кол коюп, арыз жазылган күндү көрсөтүштү унутпаңыз. Жазуу жүзүндөгү кайрылууңузга мекеме 14 күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. 




    Окшош суроолор