Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун кантип алса болот? 

ID887
Көрүүлөр: 133
Актуалдуу: 28-03-2024
QR Code

“Балага сүйүнчү”бир жолу төлөнүүчү жөлөк пулга кимдер укуктуу?

Бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн дайындоо үчүн бала төрөлгөн өлкөгө карабастан аймактык органдарга/аймактык бөлүмдөргө төмөнкү учурларда кайрылуу керек:

  • баланын ата-энеси/ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны болсо;
  • баланын ата-энеси/ата-энесинин бири кайрылман статусу бар адам болсо;
  • баланын ата-энеси/ата-энесинин бири 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган “Балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпулдарды, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди төлөө жаатындагы жарандардын укуктарынын кепилдиктери” жөнүндө макулдашууга катышуучу чет мамлекеттин жараны жана Кыргыз Республикасында жашоого укугу болсо.

Абактагы аялдар төрөсө, аларга да сүйүнчү пул чегерилет. Абактагы аял түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан берилген ишеним кат менен ишенимдүү адам аркылуу акчаны ала алат. 

Кандай учурларда “балага сүйүнчү” берилбейт?

  • Жалган документтер көрсөтүлсө. 
  • Бала толугу менен мамлекеттик камкордугунда болсо. 
  • Атасы да, энеси да тийиштүү келишимге катышпаган чет мамлекеттин жарандары болгон учурда. 

“Балага сүйүнчүнү” дайындоо шарттары:

  • Арыз бала төрөлгөндөн тартып алты айдын ичинде берилет.
  • Алты ай өткөндөн кийин жөлөк пул берилбейт.

Негизги документтер:

  • Арыз ээсинин паспорту.
  • Чет өлкөлүк жарандар үчүн жашап турууга уруксат кагазы.
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же арыз ээсинин чет мамлекет тарабынан берилген паспорту.

Кошумча документтер:

  • Камкорчуну дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү.
  • Ишенимдүү адам үчүн ишеним кат.
  • Кайрылмандар үчүн кайрылман күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  • Чет өлкөлүк жарандар үчүн жашап турууга уруксат кагазынын көчүрмөсү.

Кимдер кайрыла алышат

  • Бир ата-эне.
  • Камкорчу.
  • Асырап алуучу.
  • Ишеним кат менен ишенимдүү адам.

1) Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/  

Кантип онлайн тапшырса болот: 

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
  • Кызматтар каталогунан каалаган кызматты тандоо;
  • Кызмат алууга табыштаманы тариздөө;
  • Жеке кабинеттеги “алынган кызматтар” бөлүмүндө өтүнмөнү иштеп чыгуунун статусун карап турса болот. 

2) Жеке кайрылуу

  • Калкты тейлөө борборуна.
  • Жашаган жери боюнча ЗАГС органдарына.

Арыз берилгенден тарта 2 иш күндүн ичинде сүйүнчү пул эсебиңизге түшөт. Акча түшкөнү тууралуу смс-билдирүү аркылуу телефон номуруңузга кабар келет. 

“Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулдун өлчөмү:

  • Бир балага 4 000 сом.
  • Үч эм жана андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 000 сом. 

“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун чегерүүдө райондук коэффициенттер колдонулбайт. 




    Окшош суроолор