Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптык арабаны кантип акысыз алса болот?

ID599
Көрүүлөр: 76
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code
  • Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, анын ичинде жаш балдар туруктуу пайдалануу үчүн майыптык арабаны акысыз алууга укуктуу. 
  • Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси майыптык арабаларды чогултуу, сактоо жана берүү үчүн жооп берет. Ошондой эле, арабаларды оңдоо иштерин жасайт.  
  • Майыптык араба 3 жаштан баштап бардык муктаждарга берилет. 
  • Майыптык араба 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
  • Эгер жаранда каалоо жана мүмкүнчүлүк болсо, жакшыртылган үлгүдөгү арабаны сатып алса болот, мында акысыз берилүүчү арабанын баасын эске алуу менен жеңилдетүү болот. 
  • Алуучу каза болгон учурда араба аймактык бөлүмгө кайтарылууга тийиш.

– арыз;

– МСЭКтин корутундусу;

– жашаган жеринен маалымкат.

2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу онлайн тапшырсаңыз болотhttps://portal.tunduk.kg 

Ал үчүн: 

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кириңиз;
  • Кызматтар каталогунан тийиштүү кызматты тандаңыз;
  • Кызмат алууга табыштаманы тариздеңиз;
  • Жеке кабинетте “алынган кызматтар” бөлүмүндө кайрылууңуздун статусун текшерип тура аласыз. 

2. Өзүңүз барып тапшырсаңыз болот. Документтерди алып, жашаган (катталган) жериңиздеги райондук/шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгына кайрылыңыз.

Майыптык арабаны берүү атайын маалыматтык базадагы электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт. 

Тийиштүү журналга датаны көрсөтүү менен кол коюп, майыптык арабаны аласыз. 




    Окшош суроолор