Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыгы бар баланы үйдө окутууну кантип уюштурса болот? 

ID591
Көрүүлөр: 118
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

7-18 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана оор дартка кабылган балдар үйдөн билим ала алышат. 

  • Ата-энесинен (мыйзамдуу өкүлүнөн) бала үйдөн билим алууга муктаж деген арыз.
  • Билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациясынын корутундусу. Бул корутунду баланын ден соолугуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүүнүн негизинде үйдө жекече окутуунун зарылдыгын тастыктайт.
  • Саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдоо комиссиясынын окуучуну үйдө окууга чыгаруу/аныктоо жөнүндө маалымкаты.

Көңүл буруңуз: эки документ тең чейрек, жарым жылдык, бирок бир окуу жылынан ашпаган мөөнөткө берилет. Маалымкаттын/корутундунун жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланы андан ары да үйдө окутуу керектигин ырастаган жаңы документти же анын окуусун күндүзгү форма боюнча улантуу жөнүндө арызды беришет.

  • Керектүү медициналык документтерди алып, тандаган мектебиңизге кайрылыңыз. 
  • Үйдө окутууну уюштуруу жөнүндө билим берүү уюмунун чечимин күтүңүз.
  • Мектеп окуучунун жеке окуу планын, билим берүү программасын жана сабактын графигин бекиткен буйрук чыгарат. Буйрук ошондой эле билим берүү процессине жооптуу адамдарды, анын ичинде мугалимдерди дайындоону аныктайт, бүт процессти көзөмөлдөө директордун окуу иштери боюнча орун басарына жүктөлөт.
  • Арыз жактырылгандан кийин, билим берүү уюму менен келишим түзөсүз, анда балаңыздын медициналык көрсөткүчтөрүнө ылайык окуу мөөнөтү жана формасы көрсөтүлөт.

Көңүл буруңуз: үйдө окутуу акысыз. Кааласаңыз (жазуу жүзүндөгү арыз аркылуу ) өз эсебиңизден төлөп, кайсы бир сабакты тереңдетип окутсаңыз болот. 

  • Жеке окуу планы, окуу программасы жана балаңыз үчүн атайын иштелип чыккан сабактардын графиги менен таанышыңыз. Окуу сааттарынын көлөмү салттуу форматка салыштырмалуу эки эсе аз. Мисалы, биринчи класстын окуучулары жумасына 20 саат окуса, сиздин балаңыз үйдө 10-12 саат окушу мүмкүн. 
  • Үйдө сабактарды өткөрүү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылыңыз.
  • Мектеп менен макулдашып, балаңызды коомго аралаштырыш үчүн класстан тышкаркы иш чараларга катыштырыңыз. 

Окууну көзөмөлдөө

Мугалимдер ар бир окуу чейрегинин жана жылдын аягында класс жетекчисинин катышуусу менен үйдө окуган окуучулардын билимин текшерүү үчүн тест иштерин жүргүзүшөт.

Баалар

Мугалимдер тест иштеринин бааларын ар бир чейректин же жарым жылдыктын аягында класс журналына коюшат.

Кийинки класска которуу

Мектептин педагогикалык кеңеши окуучуну кийинки класска которууну анын жыл ичиндеги ийгиликтерине жана бааларына жараша чечет.

Тастыктоо

Орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестация окуучунун ден соолугун эске алуу менен билим берүү стандарттарында белгиленген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

Иш кагаздарын жүргүзүү

Мугалим класстык журналга окуучунун учурдагы жана орто аралык аттестациясы, класстан класска которулушу жана жыйынтыктоочу аттестациянын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды дайыма киргизип турат. Бардык жазуулар окуучунун күндөлүгүндөгү маалыматка дал келиши керек.




    Окшош суроолор