Никеси расмий түрдө катталбаган учурда (жарандык) аял же күйөө мыйзам боюнча өнөктөшүнүн мурасын талап кылууга укуксуз.
Мыйзам боюнча мураскорлор болуп маркумдун жакын туугандары: жубайлар, балдар, ата-энелер жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка адамдар саналат.
Бирок бир жагдайды эске алыш керек: Эгерде жарандык күйөөсү же аялы өз өнөктөшүн керээз катта мураскор катары көрсөтсө, анда жарандык аялы же күйөөсү мураска ээ боло алат.
Демек, керээз катта айтылбаса, жарандык жубай мыйзамдуу түрдө мураска ээ боло албайт.