Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Майыптыгы бар адам санаторийге жолдомону кантип алат?

ID688
Көрүүлөр: 82
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Төмөндөгү категорияларга кирген майыптыгы бар адамдарга санаторийге жолдомо берилбейт: 

  •  Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптарына;
  •  башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жарат алган майып аскер кызматчыларына;
  •  СССРди коргоо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткаруу учурунда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун айынан майып болгон аскер кызматчысы болуп саналган адамдарга;
  • Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен жапа чеккен майыптарга;
  • Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги бар, майып болуп калган пенсионерлерге;
  • саясий жана диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында жапа чеккен жана реабилитацияланган, майып болуп калган жарандарга.

Көңүл буруңуз! Санаториялык-курорттук жолдомонун наркы алар жеңилдиктердин ордуна алуучу акчалай компенсациянын өлчөмүнө кирет.

Жеңилдиктер майыптыктын тобуна карап аныкталган: 

– I топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу акысыз; I топтогу майыпты коштогон адамга – 50 пайыздык жеңилдетүү менен;

– II топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу 50 пайыздык жеңилдетүү менен;

– III топтогу майыптарга – 5 жылда бир жолу 30 пайыздык жеңилдетүү менен.

Көңүл буруңуз! Эгерде сиз жолдомону колдонбосоңуз, анда анын ордуна компенсация төлөнбөйт.

  • жолдомо алууга жеке арыз;
  • паспорттун көчүрмөсү (ID-карта);
  • сунушталган курорттун аталышын көрсөтүү менен саламаттык сактоо уюмунун белгиленген формадагы маалымкаты;
  • санаториялык-курорттук мекемеде коштоп жүрүү зарылдыгы жөнүндө I топтогу майып үчүн саламаттык сактоо уюмунун корутундусу;
  • психика жактан көйгөйү бар адамдар үчүн психиатрдан “санаториялык-курорттук дарылануу зарыл” деген корутунду. 

Документтердин баарын алып, социалдык камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө кайрылыңыз.Кызматкер сиздин арызыңызды тиешелүү системага каттайт.

Жолдомолорду берүү электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт.

Жолдомону алган учурда арыз ээси атайын журналга кол коет. Анда:

  •  жолдомону алган дата, 
  • анын номери, 
  • анын жарактуулук мөөнөтү,
  •  санаториялык мекеменин аталышы, 
  • жолдомону алган адамдын паспортунун сериясы жана номери, медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысы жана маалымкатынын көчүрмөсү берилген номер жана дата көрсөтүлөт.

Жолдомону берүүнүн кайталанган мөөнөтүнүн датасы беш жылдык мөөнөт аяктагандан кийин белгиленет, мында убакыт жолдомо берилген күндөн тартып алдыга карай саналат. 

Санаториялык-курорттук мекемеге дарыланууга келген учурда майыптыгы бар жаран паспортун, жолдомону, ошондой эле дарылоо-алдын алуу мекемеси берген санаториялык-курорттук картаны берүүгө тийиш.

II же III топтогу майыптар жолдомонун наркынын 50 же 70 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт.

Дарылоо мекемесинин корутундусу боюнча коштоочу адамга муктаж болгон I топтогу майыптарды санаториялык-курорттук дарыланууга жөнөткөн учурда коштоочу адамга аймактык бөлүмдө 50 пайыздык жеңилдетүү менен жолдомо берилет. Жолдомого милдеттүү тартипте “коштоочу” деген белги коюлат. Коштоочу адам жолдомонун наркынын 50 пайызын санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төгөт.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук мекемелерде болуу узактыгы – 20 күнгө чейин.




    Окшош суроолор