Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Катталган поликлиникадан кандай кызматтарды акысыз алсам болот?

ID750
Көрүүлөр: 85
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Поликлиникаларда же үй-бүлөлүк медицина борборлорунда кызматтар эки топтомго бөлүштүрүлгөн:

  • медициналык кызматтардын базалык топтому;
  • лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн кошумча топтому. 

Базалык топтомго киргизилген медициналык кызматтардын баары поликлиникаларга (ҮМБ) каттоого турган жарандарга жана тийиштүү күбөлүгү бар качкындарга, кайрылмандарга акысыз көрсөтүлөт.

Базалык топтомго төмөндөгүлөр кирет: 

  • профилактика;
  • дартты аныктоо (диагностика);
  • негизги лабораториялык изилдөөлөр;
  • дарылоо. 

-1 жашка чейинки балдар үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:

– темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;

– ымыркайлардын сарыгына скрининг;

1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:

– темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;

6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:

– темирдин жетишсиздиги анемиясына скрининг;

– көрсөткүчтөр боюнча психологиялык активдүү заттарды колдонууга скрининг жүргүзүү;

кош бойлуу аялдар жана энелер үчүн профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:

– темир препаратын профилактикалык дайындоо;

– йод препараттарын профилактикалык дайындоо;

– фолаттарды профилактикалык дайындоо;

– гельминттерге каршы препараттарды профилактикалык дайындоо;

– ацетилсалицил кислотасын профилактикалык дайындоо (преэклампсияга жогорку тобокелдик топторунда);

– репродуктивдик курактагы аялдарда анемияны аныктоо (кандын жалпы анализи),

– кош бойлуу аялдардын заара-жыныс органдарынын жашыруун инфекциясын аныктоо – Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);

– тынчсызданууну жана/же депрессияны аныктоо үчүн скрининг;

– көрсөткүчтөр боюнча психологиялык активдүү заттарды колдонууга скрининг жүргүзүү;

жугуштуу эмес оорулар боюнча профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакети:

– жашоо образы, тамактануу боюнча консультациялар, психологиялык активдүү заттардын (тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктер, баңги заттар) зыяндуулугу жөнүндө аңгемелешүү;

– кант жана кант эмес диабетти аныктоо үчүн скрининг – кандагы жана заарадагы кантты аныктоо;

– артериялык гипертензияны аныктоо;

– артериялык кан басымын контролдоо;

– кант диабети бар пациенттердин канындагы гликирленген гемоглобиндин деңгээлин жылына 1 жолу аныктоо жолу менен кант диабетинин алгачкы татаалдашын аныктоо үчүн скрининг: (диабеттик таман жана диабеттик ретинопатия);

– тобокелдик факторлорун (жынысы, жашы, тамеки чегүү, жалпы холестерин, дене салмагынын индекси, кан басымы) аныктоо жолу менен 18 жаштан жогорку курактагы бардык пациенттерде жүрөк-кан тамыр тобокелдигин баалоо;

– аялдардын кеңири тараган онкологиялык ооруларын аныктоо (эмчекти жана жатын моюнчасын профилактикалык текшерүү);

Дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда төмөндөгү медициналык иш-аракеттерди жүргүзүү менен:

  • оорулуунун даттанууларын сурамжылоо,
  •  оорунун жана жашоонун анамнезин чогултуу,
  •  оорулууну кароо (пальпация, перкуссия, аускультация, дем алуу жыштыгын, жүрөктүн кагышын эсептөө, пульс, артериялык басымды, сатурацияны өлчөө),
  • анализ жыйынтыктарын чечмелөө,
  • алдын ала диагноз коюу, 
  • көрсөткүчтөр болгон учурда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү,
  •  пландуу дарылоону дайындоо, 
  • текшерүүлөргө жолдомо берүү,
  • ооруканага жаткырууга көрсөткүчтөр болгондо стационарга жолдомо берүү.

– кандын жалпы анализи (гемоглобин, лейкоциттер, эритроциттердин чегүү ылдамдыгы);

– зааранын жалпы анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы;

– уретрадагы мазоктун микроскопиясы (заара чыгаруучу каналдын (уретранын) микрофлорасынын курамын аныктоо, ошондой эле трихомонад жана гонококк сыяктуу бир катар спецификалык козгогучтарды аныктоо);

– вагиналдык мазоктун микроскопиясы;

– какырык анализи (мазок микроскопиясы);

– кандын сывороткасындагы глюкозаны аныктоо;

– заарадагы глюкозаны аныктоо;

– кандын сывороткасындагы жалпы холестеринди аныктоо;

– электрокардиограмма;

– кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган пациенттерге – жылына 1 жолу);

– Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);

– 18 жашка чейинки балдардын көрүү курчтугун өлчөө.

– кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;

– иммобилизация;

– дары-дармек менен дарылоону дайындоо;

– медициналык инъекцияларды (венага, булчуңга, тери астына) саюу, бирок ийне сыяктуу каражаттарды бекер берүү каралган эмес. 




    Окшош суроолор