Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Мен табыпчылык менен алектенем. Ишмердүүлүгүмдү мыйзамдаштыра аламбы?

ID1934
Көрүүлөр: 79
Актуалдуу: 10-07-2024
QR Code

Элдик медицина же табыпчылык көп кылымдык тажрыйбага жана салттарга негизделип, ден соолукту чыңдоону, оорулардын алдын алууну, диагноз коюуну жана дарылоо ыкмаларын камтыйт. Кыргыз Республикасында бул жааттагы ишмердүүлүгүңүздү мыйзамдаштыра аласыз. 

Ал үчүн:

  1. Медицина жана элдик медицина жаатында атайын даярдыктан өтөсүз.
  2. Табып дипломун аласыз.
  3. Элдик медицина тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн лицензия аласыз. 

Лицензиялоо жана көзөмөл

Табыптарды даярдоо жана аларга лицензия берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталат. Бул орган ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн табыптардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.

Чектөөлөр жана жоопкерчилик

  • Массалык табыпчылык сеанстарын өткөрүүгө тыюу салынат.
  • Табыпчылык ыкмаларды жана каражаттарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарнамалоого тыюу салынат.
  • Эгерде табыпчылыктын натыйжасында адамдын ден соолугуна же өмүрүнө зыян келтирилсе, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Бейтаптын ден соолугунун начарлашына же өлүмүнө алып келген бардык учурлар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн медициналык комиссия тарабынан каралат.

Көзөмөл жана иликтөө

Табыпка лицензия берген орган анын ишмердүүлүгүн тынымсыз көзөмөлдөйт. Эгерде бейтаптын ден соолугунун начарлашына же өлүмүнө алып келген окуялар аныкталса, кылдат иликтөө жүргүзүлөт.




    Окшош суроолор