Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Адамды аракетке жөндөмсүз деп таануунун жол-жобосу кандай?

ID1814
Көрүүлөр: 115
Актуалдуу: 03-07-2024
QR Code

 Адам өзүнүн иш-аракеттеринин маанисин түшүнө албай калган учурда аны аракетке жөндөмсүз деп таануу муктаждыгы жаралат. Адатта мындай маселе карылыктан, оорудан, психикалык же неврологиялык бузулуулардан улам пайда болот. Адамды аракетке жөндөмсүз деп сот аныктайт жана ага камкорчу дайындайт. 

Психикалык бузулуунун кесепетинде өз иш-аракеттеринин маанисин түшүнбөгөн адам аракетке жөндөмсүз деп таанылышы ыктымал. 

Кумар оюндарына патологиялык берилген, спирт ичимдиктерине же баңгизатына көз каранды болгон үчүн өз үй-бүлөсүн кыйын кырдаалга кептеп жаткан адамдын аракетке жөндөмдүүлүгү сот тарабынан чектелиши мүмкүн. 

Аракетке жөндөмсүз адамга камкорчулук, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген адамга көзөмөлчүлүк дайындалат. Экөө тең жөндөмсүз же жарым-жартылай жөндөмдүү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону максаттайт. 

Камкорчулук да, көзөмөлчүлүк да сот тарабынан аныкталат. Камкорчу аракетке жөндөмсүз адамдын атынан бардык иштерди (мисалы, келишимдерди) жүргүзөт. 

Аракетке жөндөмү чектелген адам болсо турмуштагы майда барат иштерди өз алдынча чече берет. Бирок олуттуу жумуштарын (айталы, сатуу-сатып алуу келишимин жүргүзүү), ошондой тапканын, пенсиясын кандай коротууну көзөмөлчүсүнүн макулдугусуз жасай албайт. Анткен менен аракетке жөндөмү чектелген адам өз аракети жана келтирген зыяны үчүн өзү жооптуу болот.

Жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызды төмөнкүлөр бере алат: 

  • Жакын туугандары (ата-энеси, балдары, бир туугандары). 
  • Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү (эгерде алар жөндөмсүз адам менен чогуу жашаса).
  • Жаранга психиатриялык жардам берген медициналык уюм.
  • Психикалык бузулууларга кабылган адамдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүү мекемеси.
  • Камкорчулук мекемеси. 
  • Прокуратура органдары.

Эми болсо адамды аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп тааныш үчүн эмне кылуу керектигин карайлы. 

Психиатрдан, неврологдон же дагы башка тийиштүү адистен адамдын ден соолугу жөнүндө медициналык корутундуну алыңыз. Ал адам өз алдынча чечим кабыл алууга, өзүнө кам көрүүгө жөндөмсүз экенин далилдеген башка документтерди даярдаңыз. Бул туугандардын, коңшулардын, социалдык кызматкерлердин күбө катары берген маалыматтары болушу мүмкүн.

 Адамды жөндөмсүз деп таануу жөнүндө арызды жазыңыз. Жагдайды сүрөттөп, дадилдерди келтириңиз. Ошондой эле кимди камкорчу кылып дайындоо керектигин көрсөтүңүз. Арыздын үлгүсү макаланын аягына тиркелген, жүктөп алсаңыз болот. 

Арызды аракетке жөндөмсүз деп тааныш керек болгон адамдын жашаган жери боюнча райондук (шаардык) сотко тапшырасыз. Эгерде ал адам психиатриялык дарылоо мекемесинде жатса, анда арыз ошол мекеме жайгашкан дарек боюнча сотко берилет. Сот кошумча соттук-психиатриялык экспертиза дайындашы мүмкүн.  

Бардык көрсөтүлгөн далилдердин жана экспертизанын жыйынтыктарынын негизинде сот адамды жөндөмсүз деп таануу же арызды четке кагуу жөнүндө чечим чыгарат. Соттун чечиминин үстүнөн мыйзамда белгиленген тартипте даттанса болот. 




    Окшош суроолор