Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Дарыгерге кантип онлайн жазылса болот? 

ID791
Көрүүлөр: 99
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Дарыгерге алдын ала интернет аркылуу эки ресурстун жардамы менен жазыла аласыз:

Сиз дарыгерге эң узак дегенде эки жума мурун алдын ала жазыла аласыз.

 Бул кызматты пайдалануу үчүн:

  1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кириңиз https://portal.tunduk.kg
  2. Катталыңыз. 
  3. Кызматтардын каталогунан “Ден соолук” дегенди, андан “Дарыгерге онлайн жазылуу” дегенди тандаңыз. 
  4. Телефон номериңизди жазыңыз. 
  5. Сиз кайсы поликлиникага катталганыңыз, андагы дарыгерлердин тизмеси автоматтык түрдө чыгып калат. Дарыгерди тандаңыз. 
  6. Күнүн жана саатын тандаңыз. 
  • Шилтеме боюнча өтүңүз: https://mis.med.kg/
  • Паспортто көрсөтүлгөн 14 белгиден турган жеке идентификациялык номерди (ПИН) киргизиңиз;
  • Телефон номериңизди киргизиңиз;
  • Катталгыңыз келген адисти тандаңыз;
  • Жазылуу үчүн каалаган күндү жана убакытты тандаңыз;
  • Талон алыңыз (экранды скрин кылып алсаңыз болот, себеби жандуу кезектегилер талонуңузду көрсөтүүнү талап кылышат).




    Окшош суроолор