Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Айыл чарба жерин кантип сатып алса болот? 

ID1495
Көрүүлөр: 132
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Айыл чарба багытыгындагы жерлерге сугат жана кайракы жерлер, көп жылдык мөмө-жемиш бактары бар жерлер, чөп чабык жерлер, ошондой эле курулуштардын, жолдордун, көлмөлөрдүн алдындагы жерлер жана айыл чарбасында пайдаланылуучу дагы башка тилкелер кирет.

Жерди кимден сатып алса болот:

  • Мамлекеттин менчигиндеги жерлер аукцион аркылуу сатылат. 
  • Жеке адамдар же юридикалык жактардан жерди сатып алса болот.
  • Күрөөдөгү жер карыз өндүрүүчүгө өткөн учурда тилке аукцион аркылуу сатыкка чыгарылат. 
  • Мамлекеттик болобу же жекеби, айыл чарба багытытындагы жерлер Кыргызстандын жарандарына гана сатылат. Бул тууралуу атайын бөлүм бар, макаланын аягын караңыз. 
  • Жерди сатууда ошол айылдын элине артыкчылык берилет. Мисалы, сиздин айылыңызда жер сатылып жатат дейли. Ага сиз менен катар эле башка айылдын тургуну да кардар болуп жатат. Жергиликтүү калктан башка талапкерлер жок болсо, жер сизге сатылышы керек. Ушундай эле артыкчылык укугу кичинекей жер тилкесине ээлик кылгандар (бир адамга 0,10 гектардан аз) же бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга берилет. 
  • Айыл чарба жерлерин сатып алгандан кийин алардын багыты өзгөрбөйт, ал эми башка адамдардын жерди пайдаланып туруу укуктары (сервитуттар) күчүндө калат.
  • Жер тилкесине бир нече киши ээлик кылса, жер алардын ар биринин макулдугу менен гана сатылышы мүмкүн.
  • Жер тилкесин бөлүктөргө же үлүштөргө ажыратууга мүмкүн болсо, анда тилкени бөлүп сатса болот. Бөлүнбөс участок жарым-жартылай сатылбайт. 
  • Эгерде жер тилкеси боюнча талаш-тартыштар болсо (мисалы, чек аралары боюнча) же тилке камакка алынса, жер участогун сатууга болбойт. 
  1. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жер сатып алуу боюнча арыз жазыңыз.
  2. Жерди сатуу аукцион аркылуу ишке ашат. Аукционго катышыңыз, анда арыздар чапталган конверттерде болушу мүмкүн же талапкерлердин аты-жөнү ачык жарыяланат.
  3. Аукционго катышыш үчүн андагы лоттун баштапкы баасынан 0,5% өлчөмдө кепилденген төлөмдү төлөйсүз. 
  4. Райондук комиссия арыздарды карап чыгат жана кайсы участокторду аукционго коюуну аныктайт.
  5. Комиссия аукционду уюштурат. Аукцион эки турда өткөрүлөт:
  • Биринчи раунд бир гана арыз түшкөн жерлер үчүн (эгерде сатып алуучу жок болсо, лот кайрадан сатыкка чыгарылат).
  • Эки же андан көп арыз түшкөн жерлер үчүн экинчи тур өтөт, эң жогорку бааны сунуштаган адам аукциондон утат. 
  1. Аукционду утуп алгандан кийин сатуу-сатып алуу келишимин түзүңүз. Келишимди жергиликтүү мамкаттоо органына тапшырыңыз.
  1. Бир айдын ичинде менчик укугуңузду тастыктаган жаңы документтерди (жашыл китепти) алыңыз.
  • Жеке менчиктеги жер тилкесин табыңыз.
  • Сатуучу менен түздөн-түз бааны сүйлөшүңүз.
  • Сатуучу менен сатып алуу келишимине кол коюңуз. Келишимдин үлгүсүн макаланын аягынан жүктөп алсаңыз болот. 
  • Жер сизге өткөнүн каттоо үчүн жергиликтүү мамкаттоо органына арыз тапшырыңыз. Каттоо органы документтерди жаңыртып, менчик укугуңузду расмий түрдө каттайт. Тилкенин бир бөлүгүн сатып алган болсоңуз, адистер чек араларды жаңыртып, участокко жаңы номер берет.

Жерин күрөө койгон адам карызын төлөй албай калса, жер күрөө мыйзамы боюнча сатыкка коюлат. Сатуу ачык аукцион аркылуу жүрөт. Түшкөн акчадан биринчи кезекте карыз берүүчү тараптын, айталы, банктын талаптары аткарылат. Экинчиден, аукционду өткөрүүгө кеткен чыгымдар алынат. Анан калган акча жердин мурдагы ээси (карыз алып, төлөй албай калган кишиге) берилет. 

  • Чет өлкөлүк жарандар, юридикалык жактар жана мамлекеттер айыл чарба жерлерин сатып ала алышпайт.
  • Кыргызстанда жашаган жарандыгы жок адамдар да жерди ала алышпайт.
  • Кыргызстан менен башка бир мамлекеттин жарандары же ишканалары биргелешип иштеп жаткан болсо, аларга айыл чарба жерлери сатылбайт. 
  • Жубайлардын бирөөсү чет элдик же жарандыгы жок болсо, аларга жер сатылбайт. 

Чет элдиктер же жарандыгы жок адамдар ортодо бирөөгө каттатып, жер тилкесин алган болсо, жер мамлекетке алынат жана алардын баары жоопкерчиликке тартылат. 






    Окшош суроолор