Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Чек жок болсо, кемчилиги бар товарды сатуучуга кайтара аламбы?

ID2347
Көрүүлөр: 33
Актуалдуу: 18-11-2024
QR Code

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мыйзамына ылайык, жарандар колунда кассалык чек жок болсо да, кемчилиги бар товарды сатуучуга кайтарып бере алат. Товарды сатып алганын далилдеш үчүн башка документтерди колдонсо болот. Мисалы, банк эсебинен көчүрмө, товардын кепилдик талону, күбөлөрдүн көрсөтмөсү. 

Сатуучу чек жок болгон үчүн эле товарды артка алуудан баш тарта албайт. Эгер ортодо талаш-тартыш жаралса, өз дооматыңызды кагаз түрүндө жазып, сатуучуга тапшырыңыз. Бул жыйынтык алып келбесе, анда Монополияга каршы кызматка же сотко кайрылсаңыз болот. 

Тема боюнча окуңуз:

Кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин товардын сапатына доомат койсо болобу?

Жараксыз же кемчилиги бар товарды кантип кайтарса/алмаштырса болот?

Сапаты талаптагыдай товарды кантип кайтарам/алмаштырам?




    Окшош суроолор