Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Сапаты талаптагыдай товарды кантип кайтарам/алмаштырам?

ID1720
Көрүүлөр: 56
Актуалдуу: 25-06-2024
QR Code

Бул макалада сапатында кемчилилик жок товарды кайтарып берүүнүн же алмаштыруунун жолдорун карайбыз. Мисалы, көйнөк алдыңыз. Үйдө кийип көргөндө түсү же фасону жакпай калды. Сиз аны дүкөнгө кантип кайтарасыз, эгерде сатуучу кайра алуудан баш тартса, кандай кадамдарды жасашыңыз керек? Ушул тууралуу сөз кылабыз. Эгерде алган товарыңызда кемчилилик (брак) болсо, аны кайтаруунун жол-жобосу башка. Бул боюнча өзүнчө макала бар.  

Сиз кемчилиги жок товарды 14 күндүн ичинде башка өлчөм, форма, фасон, түс же комплектациядагысына алмаштыра аласыз. Башкасына алмаштырып жатканда, баалардын ортосунда айырма болсо, кайра эсептешүү жүрөт. 

Алмаштырыш үчүн товар колдонулбаган болуп, сырткы көрүнүшү, пломбалары, этикеткалары жана чеги сакталышы керек.

Эгерде керектүү товар жок болсо, сатып алуучу төлөнгөн акчаны кайтарып алса болот же товар келип түшкүчө күтүп, кийин алмаштырып алса болот.

Бул эрежелерди бузган үчүн дүкөн жана анын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

  • Баалуу металлдардан жана таштардан жасалган буюмдар.
  •  Кепилдик мөөнөтү бар татаал техникалык буюмдар.
  •  Ич кийимдер, байпактар, кол каптар.
  • Шейшептер, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн буюмдар (ички кофта, байпак, жалайык, сүлгү, төшөнчө). 
  • Өлчөп-кыркылып сатылган товарлар: кездемелер, пардалар, килем буюмдары ж.б.
  • Атыр-косметикалык товарлар. 
  • Суюк синтетикалык жуучу каражаттар. 
  • Үй химиясынан айнек, пластик же аэрозоль таңгактагы товарлар. 
  • Кеңсе товарлары: тушь, сыя, боёк, лактар, майлар, сүрөт тартуу үчүн аралаштыргычтар.  
  • Фотоплёнка, фотокагаз, фотореактивдер.
  • Жеке гигиеналык буюмдар.
  •  Эмеректер.
  • Табигый жүндөн жасалган буюмдар. 

Эгерде бул ич кийим болбосо же алмаштырууга жатпай турган башка товар болбосо, мындай эскертүү мыйзамсыз болуп эсептелет. Көп учурда базарларда кийим саткан жайларда ушинтип жазып коюшат. Бул тоскоолдук эмес, туура келбей калса, алган кийимди талаптарды сактоо менен алмаштыра/кайтара аласыз. 

  1. Чекти жана таңгакты (упаковканы) сактаңыз

 Биринчиден, сатып алып жатканда дайыма чек талап кылыңыз.

Товар көңүлүңүзгө жакканына толук ынанмайын бардык документтерди, таңгактарды жана этикеткаларды сактаңыз. Товарды кайтарып берүү же алмаштыруу үчүн көбүнчө түпнуска таңгак жана чек керек болот. 

Чек жоголуп кетсе, башка жолу бар. Мисалы, сиз банк картасы менен төлөдүңүз же электрондук капчык аркылуу которгонсуз дейли. Банктан которуу боюнча кагаз чыгартып алсаңыз, бул сизге далил катары кызмат кылат. 

Чек же банк кагазынын жоктугу товарды кайтарууга мүмкүн эмес дегенди билдирбейт. Күбөлөр болсо, аларды тартыңыз.    

  1. Дүкөнгө кайрылыңыз 

Товарды даярдап, таңгактап, дүкөнгө алып келиңиз. Эгерде товарды онлайн сатып алган болсоңуз, анда аны почта аркылуу жиберүү талап кылынышы мүмкүн. 

Эгерде сатуучу товарды кайтарып алганга макул болсо, акчаңызды алыш үчүн паспорт талап кылынышы ыктымал. Адатта чоң тармактык дүкөндөрдө товарды кайтаруу үчүн арыздын формасы даяр болот, сиз аны толтурасыз. 

Эгерде сиз товарды чакан дүкөндөн алган болсоңуз, анда үйдөн эле эки нускада арызды даярдай чыгыңыз. Бири сатуучуда калат, экинчиси сизде болот. 

Дүкөндүн колдоо кызматы же администрациясы болсо, ошол жакка кайрылыңыз. Эгерде маселе чечилбесе, даттануу жазыңыз. Антимонополиялык кызматка же сотко кайрыла аласыз. 




    Окшош суроолор