Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жараксыз же кемчилиги бар товарды кантип кайтарса/алмаштырса болот 

ID1724
Көрүүлөр: 64
Актуалдуу: 25-06-2024
QR Code

Алган товарыңыз жараксыз болуп чыкса же кандайдыр бир кемчилиги аныкталса, кайгырбаңыз. Мыйзам сиздин керектөөчүлүк укугуңузду коргойт. 

Товардан кемчилик табылган учурда сатып алуучу төмөнкү укуктарга ээ:

  • Товарды сапаттуусуна алмаштырууга.
  • Бааны кемчилигине жараша арзандатууга. 
  • Товарды так өзүндөй эмес, башка түрдөгүсүнө алмаштырууга (бааларында айырма болсо, кайра эсептешүү жүргүзүлөт). 
  • Товардын кемчилигин акысыз түрдө жоюп берүүнү талап кылууга же оңдоого өзү чыгым кетирсе, аны төлөттүрүп алууга. 
  • Акчасын кайтарып алууга. 

Товарды сатып алганыңызды далилдей турган товардык же кассалык чекти табыңыз. Эгер кеп кепилдик мөөнөтү бар товар жөнүндө болуп жатса, анда буюмдун паспортун да даярдаңыз.

Сатуучуга кайрылып, товарды алмаштырууну талап кылыш керек. Эгерде дүкөндө так өзүндөй товар бар болсо, анда сатуучу дароо алмаштырып бериши кажет. Товардын сапатын текшерүү талап кылынса, процедура 20 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Эгерде сиздин колуңуздагыдай товар азыр сатыкта жок болсо, сатуучу бир айдын ичинде алмаштыруу талабын канааттандырууга милдеттүү. Сатуучу товарды кабыл алуу жөнүндө квитанция берип, керектүү модель келип түшкөндө сизге кабар берүүгө милдеттенет.

Эгерде товардын модели өндүрүштөн алынган болсо, сатуучу баасын кайра эсептөө менен башка моделдеги ошондой товарды сунуштоого милдеттүү. 

Эгерде товардан кепилдик мөөнөтүндө кемчилик табылса, кепилдик устаканасы жаңы товарга алмаштыруу үчүн маалымкат бере алат. Ошол маалымкатты жана буюмдун паспортун көрсөтүп, алмаштыруу жүргүзүңүз.

 Эгерде сиз товарды  өзүндөй товарга алмаштырсаңыз, баасы кайра эсептелбейт. Башка моделдеги товарга алмаштырганда, сумма алмаштыруу учурундагы бааларга ылайык эсептелет.

 Эгерде товар кредитке сатылып алынган болсо жана сатып алуу-сатуу келишими бузулса, сизге кредиттин төлөнгөн бөлүгүнө барабар сумма кайтарылып, ошондой эле кредит алуу боюнча чыгымдар төлөнүп берилет.




    Окшош суроолор