Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Кызматкерди жумуштан кетирүүнүн туура жолу кандай? 

ID1402
Көрүүлөр: 148
Актуалдуу: 06-05-2024
QR Code

Жумуштан кетирүүнүн негизи эмгек мыйзамдарына дал келиши керек. Мисалы, кызматкерлердин санын кыскартуу, ишкананын жоюлушу, кызматкердин ээлеген ордуна дал келбей калышы сыяктуу себептер негиз боло алат. 

Көңүл буруңуз! Кызматкер ооруп калса же өргүүдө болгон учурда иштен бошотулбайт. Кош бойлуу аялдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш берүүчүнүн демилгеси менен иштен бошотууга компания жоюлган учурда гана жол берилет. Ошондой эле кош бойлуу аялды эмгек келишиминин мөөнөтү аяктаган учурда иштен алса болот.

Кызматкерге жумуштан алынары тууралуу бери дегенде бир ай мурун кабар бериш керек. Муну менен ал жаңы жумуш издөөгө мүмкүнчүлүк алат. Билдирүүнү жазуу жүзүндө даярдап, кызматкерге кол койдуртуп, колуна тапшырыңыз.  

Кызматкер жумуштан кетери тууралуу алдын ала кабардар болду. Бирок ал алдыдагы бир ай ичинде мурдагыдай эле иштей берет, кызматкер катары укук-милдеттеринде эч кандай өзгөрүү болбойт. Болгону жаңы жумуш издеш үчүн аптасына бир күн иштен бошотулат, эмгек акысы толугу менен сакталат. 

Кызматкер жумуштан кетер алдында акыркы эсеп-кысапты жүргүзүңүз. Ага  иштеп тапкан бардык акчасы, жумуштан бошотулганы үчүн каралган компенсация да кирет. 

Жумуштан бошотуу акысы ишканада кыскартуу болсо же ал жоюлганда төлөнөт. Мындай жөлөк пулдун өлчөмү эки орточо айлык эмгек акысынан төмөн болбошу керек. 

Иштен бошотуу буйругун даярдаңыз, анда иштен кетирүүнүн себебептери менен шарттары так көрсөтүлүшү зарыл. Буйрукка жетекчи кол коет. Кызматкерге буйруктун көчүрмөсүн бериңиз жана эмгек китепчесине маалыматты киргизиңиз. 

Кызматкер жумуштан бошотулган күнү анын колуна эмгек китепчесин, ушул ишканада иштегенин ырастаган дагы башка документтерди тапшырыңыз. 

Эгерде жумуш берүүчү эмгек китепчесин берүүнү кечиктирсе, анда ал ар бир кечиккен күн үчүн кызматкерге орточо эмгек акысын төлөп бериши керек.

Жумуштан бошотулган күнү жумуш берүүчү кызматкер менен толук эсептешип, анын ичинде эмгек маянасын жана компенсацияларды төлөөгө милдеттүү.

Эгерде жумуштан бошотуу ишкананын кыскартылышына же жоюлушуна байланыштуу болсо, анда иш берүүчү бул тууралуу жергиликтүү жумушка орноштуруу бөлүмүнө кабар бериши керек.

Кызматкердин жаңы жумуш таап, орун алып кетишине колдон келишинче жардам бериңиз. Мисалы, сунуш кат бере аласыз. Бул жакшы мамилени гана сактап калбай, чыр-чатактардын жана соттук териштирүүлөрдүн тобокелдигин азайтат.

Макалада белгиленген кадамдар жумуштан алуу процессин туура жана гумандуу жүргүзүүгө жардам берет. Кызматкер үчүн стрессти азайтса, ишкананы мыйзам бузуулардан коргойт. 




    Окшош суроолор