Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Бөйөкмөт уюмдар өз ишмердүүлүгү тууралуу кандай отчетторду тапшырыш керек?

ID2855
Көрүүлөр: 39
Актуалдуу: 25-12-2024
QR Code

Кыргызстанда коммерциялык эмес (бейөкмөт) уюмдар ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүп, мамлекеттик органдарга жана коомчулукка отчет берүүгө милдеттүү. Мыйзамда бейөкмөт уюмдарга коюлган негизги талаптарды карап чыгалы. 

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесине ылайык, коммерциялык эмес уюмдар төмөнкү маалыматтарды мамлекеттик органдарга тапшырууга милдеттүү:

  • Киреше булактары жана көлөмү: каражаттар кайдан жана кандай көлөмдө түшкөнү боюнча маалымат.
  • Мүлктүн көлөмү жана курамы: уюмга таандык болгон мүлктүн тизмеси жана баасы.

Кайтарымсыз акчалай жана материалдык каражаттардын негизинде иш алып барган коммерциялык эмес уюмдар ар жылы 1-апрелге чейин салык кызматынын сайтына өткөн жыл үчүн төмөнкү багыттар боюнча маалыматты жайгаштырышы керек. 

  • Акча каражаттарынын булактары: каражат кимден жана кандай көлөмдө алынганы.
  • Каражаттарды сарптоо багыттары: акчалар кандай максатта жана кандай көлөмдө сарпталганы.
  • Мүлк жөнүндө маалымат: алынган, пайдаланылган жана сатылган мүлк тууралуу маалымат.

Бул маалыматтарды жарыялоонун формасын жана тартибин Министрлер кабинети аныктайт.

Кайтарымсыз акчалай жана материалдык каражаттардын негизинде иш алып барган мамлекекеттик жана муниципалдык мекемелерге мунун тиешеси жок. 

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 171-беренесине ылайык, чет өлкөлүк булактардан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын аймагында саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:

  • Реестрге кирүү: “чет элдик өкүл” кызматын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын реестринде катталуу үчүн арыз берүү.
  • Отчеттуулук: жыл сайын ыйгарым укуктуу органга көз карандысыз аудитордун корутундусун берүү.
  • Материалдарды маркировкалоо: чыгарылган жана таратылган бардык материалдар чет элдик өкүл деп саналган бейөкмөт уюм тарабынан даярдалганы көрсөтүлүшү керек.

Эгерде бул талаптар аткарылбаса, ыйгарым укуктуу орган коммерциялык эмес уюмдун ишмердүүлүгүн алты айга токтотушу мүмкүн. Эгерде бузуулар жоюлбаса, уюмду сот аркылуу жоюу каралат.

Отчет берилбеген же кечиктирилген учурларда төмөнкүдөй чаралар колдонулат:

  • Административдик жоопкерчилик: айып пул салуу же башка санкциялар колдонулат.
  • Ишмердүүлүктү токтотуу: уюмдун иши убактылуу токтотулушу мүмкүн.
  • Жоюу: системалуу түрдө бузуулар болгондо уюм жоюлушу мүмкүн.




    Окшош суроолор