Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Административдик актынын үстүнөн сотко чейин даттанууну кантип даярдаш керек?

ID2124
Көрүүлөр: 86
Актуалдуу: 05-08-2024
QR Code

Административдик (сотко чейинки) даттануу – милдеттүү процедура болуп эсептелет.  Аны аткармайын сотко доо арыз берүү мүмкүн эмес. 

  • Даттануучу жана кызыкдар жак: укуктары жана эркиндиктери административдик органдар тарабынан бузулган физикалык жана юридикалык жактар. 
  • Кызыкдар жак: укуктарына же кызыкчылыктарына административдик акт таасирин тийигизген жактар.
  • Административдик акттар: чечимдер, токтомдор, актылар, каттар жана башка документтер. 
  • Административдик орган тарабынан жасалган аракеттер же аракетсиздиктер. 

Даттаныла турган документ сөзсүз түрдө акт болушу шарт эмес, ал кат түрүндө да болушу мүмкүн. Даттаныш үчүн ал кат төмөндөгү талаптардын бирине жооп бериш керек:

  • коомдук-укуктук же жеке-анык мүнөзгө ээ;
  • мекеменин ички документи эмес, сырткы таасири бар;
  • арыз берүүчү же кызыкдар адам үчүн укуктук кесепеттерди алып келет. 

Актыны кабыл алган административдик органга. Же болбосо андан жогорку турган административдик органга. 

Эгерде даттануу актыны кабыл алган органдын өзүнө берилсе жана алар кабыл алган чечим канааттандырбаса, анда жаран жогорку турган органга же сотко кайрылса болот. Башкача айтканда, актыны кабыл алган органдын өзүнө берилген даттануу сотко чейинки даттануу аткарылды деп саналат.  




    Окшош суроолор