Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Административдик сот өндүрүшү: биринчи инстанциянын чечимине кантип даттанса болот?

ID2081
Көрүүлөр: 94
Актуалдуу: 30-07-2024
QR Code

Биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча чечим чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанууга болот. Ушул аралыкта даттануу берилсе, чечим күчүнө кирген деп эсептелбейт.

Апелляциялык даттануу берүүнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда даттануу менен кошо мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз берсе болот. Арызда жаран даттануу мөөнөтүн эмне себептен өтөрүп жибергенин көрсөтүшү керек. 

Даттануу экинчи инстанцияга берилет. Мисалы, Бишкек шаардык сотуна, облустук сотторго.

Апелляциялык даттануу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

  • Даттануу берилген соттун аталышы;
  • Даттануу берген адамдын аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номерлери, факс жана электрондук почта (эгер бар болсо), эгерде уюм даттануу берип жатса, анын каттоо номери, дареги жана башка маалыматтары;
  • Иштин башка катышуучуларынын аты-жөнү жана жашаган даректери;
  • Даттануу берилген чечимге шилтеме;
  • Чечим толугу менен же анын айрым бөлүктөрү даттанылып жаткандыгын жана ошол бөлүктөргө шилтемелерди көрсөтүү;
  • Биринчи инстанциядагы сот тарабынан укуктук каталар же процессуалдык бузулуулар болгондугун же фактыларды туура эмес баалоо тууралуу көрсөтүү;
  • Даттануу берген адамдын так өтүнүчү;
  • Даттанууга тиркелген документтердин тизмеси.
  •  Даттануу берген адамдын колу коюлушу керек. Эгерде даттанууну өкүл берсе, ага ишеним кат же анын ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документ тиркелиши керек. Эгерде даттанууну уюмдун жетекчиси берсе, анын колу мөөр менен тастыкталышы керек.

Апелляциялык инстанцияда тараптардын жарашуусуна мүмкүндүк бар. Жарашуу келишими тараптар тарабынан түзүлөт жана апелляциялык инстанциянын соту тарабынан бекитилет. Сот биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот. Тараптар кайрадан доо кое алышпайт. 

Биринчи инстанциядагы соттун чечими күчүнө киргенден тартып аткарылууга тийиш. Апелляциялык даттануу мөөнөттүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды берүү менен чечимдин аткарылышын токтото албайсыз. Демек, чечимди аткарууну токтотуу тууралуу өзүнчө арыз беришиңиз керек. Бул арыз апелляциялык инстанциянын соту тарабынан канааттандырылышы мүмкүн.

Иш апелляциялык тартипте каралып жатканда сот биринчи инстанциянын чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет. 

Апелляциялык сот даттанууда келтирилген аргументтерди кароого милдеттүү эмес жана жаңы фактыларды жана далилдерди карап чыгып, мурдагы фактыларды кайра баалай алат. Бирок апелляциялык сот биринчи инстанцияда таанылган жана талашылган фактылар менен алектенбейт.

Апелляциялык инстанцияда биринчи инстанцияда каралган маселелер гана каралат, бул доонун предметин өзгөртүү, талаптарды көбөйтүү же доонун негиздерин өзгөртүү, ошондой эле каршы доо берүү мүмкүн эместигин билдирет.

Апелляциялык инстанциянын соту төмөнкү укуктарга ээ:

  1. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтыруу, ал эми даттанууну канааттандырбоо;
  2. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин толук же бир бөлүгүн өзгөртүү;
  3. Биринчи инстанциянын чечимин толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгаруу жана жаңы чечим чыгаруу;
  4. Биринчи инстанциянын чечимин толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгаруу жана иш боюнча өндүрүштү токтотуу же арызды карабай коюу;
  5. Биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгаруу жана ишти кайра кароого жөнөтүү;
  6.  Эгерде апелляциялык даттануу апелляциялык инстанцияга кайрылууга укугу жок адам тарабынан берилсе,  апелляциялык даттанууну иштин маңызы боюнча карабай коюу.

Эгерде оозеки териштирүүдөн кийин талаптар боюнча чечилбеген маселелер калса же сот кандай аракеттер аткарылышы керектигин же мамлекеттик алымдын кайсы өлчөмдө ордун толтуруу керектигин аныктабаса, апелляциялык сот кошумча сот актысын чыгара алат.

Мындай актыны негизги чечим жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде сураса болот. Сот бул маселени жыйында карап, кошумча акт катышуучулардын катышып же катышпаганына карабай, жарыялангандан кийин дароо күчүнө кирет.

Апелляциялык инстанциянын сот актылары жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Ошол эле учурда аткаруу баракчасы берилип, аткаруу өндүрүшү башталышы мүмкүн. Бирок тараптар соттун чечимин аткарууну кечеңдетүү, бөлүп төлөө же аткаруунун жол-жобосун жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз бере алышат, аны апелляциялык инстанция соту карап, аныктама чыгарат.

Биринчи инстанциядагы жана апелляциялык инстанциядагы соттордун аныктамалары процесске катышуучулар тарабынан төмөнкү учурларда өзүнчө даттанылышы мүмкүн:

  1. Административдик-процесстик кодексте каралган учурларда;
  2. Эгерде соттун аныктамасы иштин жылышына тоскоолдук жаратса.

Соттун калган аныктамалары боюнча жеке даттануулар (каршы арыздар) берилбейт, бирок бул аныктамаларга каршы жагдайлар апелляциялык же кассациялык даттанууда (каршы арызда) камтылышы мүмкүн. Биринчи инстанция сотунун аныктамасына даттануу аныктама чыгарган биринчи инстанция соту аркылуу берилет. Биринчи инстанция сотунун аныктамасына жеке даттануу аныктама кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде берилет.

Сот өз демилгеси боюнча же процесске катышуучулардын арызы боюнча чечимдеги жазуу жана арифметикалык каталарды оңдой алат. Түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси сот жыйынында аныктама чыгаруу менен чечилет. Процесске катышуучуларга сот жыйынынын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат, бирок алардын келбей калышы түзөтүүлөрдү киргизүү маселесин кароого тоскоол болбойт. Чечимге түзөтүү киргизүү маселеси боюнча соттун аныктамасына даттанууга болот.




    Окшош суроолор