Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Административдик акт деген эмне? 

ID2088
Көрүүлөр: 45
Актуалдуу: 31-07-2024
QR Code

Административдик акт – бул мамлекеттик же муниципалдык орган тарабынан кабыл алынган расмий чечим, ал бир же бир нече адамдын белгилүү укуктарын же милдеттерин жөнгө салат. Бул лицензия берүү, айып пул салуу, курулушка уруксат берүү же кандайдыр бир кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу чечими болушу мүмкүн. 

Административдик актылардын мисалдары:

Лицензия берүү – мамлекеттик орган алкоголду сатууга, белгилүү бир ишмердүүлүккө лицензия берет.

Уруксат берүү – мисалы, жергиликтүү администрация үй курууга уруксат берет.

Айып пул – ЖККББ жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салат.

 Административдик акт:

  • Жакшы жагдай түзүшү мүмкүн – укуктарды берип же адамдардын укуктук абалын жакшыртат;
  • Түйшүк салышы мүмкүн: а) укуктарды жокко чыгаруу, б) укуктарды чектөө, в) милдеттерди жүктөө менен адамдардын укуктук абалын начарлатуу. 

Акт адатта жазуу түрүндө берилет, бирок мыйзам уруксат бергенде оозеки түрдө болушу мүмкүн. Эгерде оозеки актыны жазуу түрүндө берүү талабы коюлса, анда жазып беришет. 

Ошондой эле актылар жарык же үн сигналдары жана башка жолдор менен берилиши мүмкүн.

  • Административдик органдын толук аталышы;
  • Күнү, айы, жылы жана каттоо номери;
  • Адресаттын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы;
  • Маселени баяндоо жана чечимдин негиздемеси;
  • Кабыл алынган чечимдин мазмуну;
  • Актынын күчүнө кирүү жана колдонуу мөөнөтү;
  • Акт боюнча даттануу мөөнөтү жана даттануу бериле турган орган;
  • Актыны кабыл алган адамдын кызматы жана аты-жөнү, колу;
  • Эгерде талап кылынса, органдын мөөрү. 

 Административдик акт кабыл алынгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде төмөндөгү жолдор аркылуу берилиши керек: 

а) түздөн-түз адамга; 

б) почта менен; 

в) башка мыйзамдуу жолдор менен. 

Эгерде адресаттар белгисиз болсо же дагы башка мыйзамдуу себептер болсо,  акт сөзсүз түрдө маалымат каражаттарында же расмий ресурстарда жарыяланат. 

Акт берүү, жарыялоо, угузуу же башка жол менен кабарлоо учурунда күчүнө кирет. 

Актынын колдонуу мөөнөтү чектелген же чектелбеген болушу мүмкүн, бул нерсе актыда көрсөтүлгөн шарттардан же окуялардан көз каранды.

Административдик акт олуттуу каталарды камтыса же мыйзамсыз аракеттерди талап кылса, ал жараксыз болуп эсептелет. Мындай акт юридикалык күчкө ээ эмес жана аткарылууга жатпайт. Жараксыз актыны аткарбай коюу үчүн жоопкерчилик каралбайт. 




    Окшош суроолор