Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Административдик актынын үстүнөн сотко даттануунун жол-жобосу кандай?

ID2131
Көрүүлөр: 73
Актуалдуу: 06-08-2024
QR Code

Административдик актынын үстүнөн соттук тартипте даттануу – административдик орган тарабынан кабыл алынган чечимге, аракетке же аракетсиздикке сот аркылуу каршы чыгуу процесси.

Ооба, сотко кайрылуудан мурун сотко чейинки (административдик) даттануу жүргүзүлүшү керек. Бул кадам аткарылбаса, сот административдик доону кайтарып берет.

  1. Административдик актыга карата: административдик орган тарабынан даттанууга болгон чечим күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде берилет. Эгер башка шарт каралбаса, акт даттануучу жакка тапшырылган, жарыяланган же кулактандырулган күндөн тартып күчүнө кирет.
  2. Мүлктү алып коюуга алып келүүчү актыга карата: административдик акт күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде.
  3. Эгерде сотко чейинки тартипте даттануу мүмкүн болбосо, аракетке (аракетсиздикке) карата:
    Аракетке — доочу ошол аракет жасалгандыгын билген күндөн тартып үч айдын ичинде.
    Аракетсиздикке — доочу тиешелүү органга кайрылган күндөн тартып отуз жумушчу күн өткөндөн кийин үч айдын ичинде.
  4. Ченемдик укуктук актыга карата: укуктар бузулгандыгы белгилүү болгон күндөн тартып үч айдын ичинде.
  5. Административдик процедурага катыштырылбаган адамга карата: акт белгилүү болгон күндөн тартып бир айдын ичинде, бирок күчүнө кирген күндөн бир жылдан кечиктирилбестен.
  • Апелляция кайда берилет?
    Апелляциялык даттануу чечим чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет.
  • Апелляциялык даттануунун мөөнөттөрү:
    Апелляциялык даттануу чечим жарыяланган күндөн тартып отуз күндүн ичинде берилет, эгерде мыйзамда башкача каралбаса.
  • Кимдер апелляция бере алат?
  • Процесстин тараптары жана башка катышуучулары.
    Ишке катыштырылбаган, бирок сот чечим кабыл алган жактар.




    Окшош суроолор