Административдик актылар жана иш-аракеттердин үстүнөн даттанунун эки баскычы бар:
- сотко чейин;
- сот аркылуу.
Сотко чейинки этапты басып өтпөй эле, дароо сотко кайрылууга уруксат берилген учурлар бар. Алсак, административдик орган арызга жооп бербесе, өз убагында чечим чыгарбаса же административдик чечимди демилгечинин макулдугусуз жокко чыгаруу мүмкүн болбогон учурларда, мисалы, мүлктү алып коюуда. Ошондой эле даттануу үчүн жогору турган орган жок болгондо да дароо сотко кайрылууга болот.
Эгерде сиз административдик органдын чечимине же аракетине/аракетсиздигине макул болбосоңуз, анда арыз менен кайрылсаңыз болот.
Кайда арыздануу керек: даттанууну чечим чыгарган административдик органга же жогору турган органга жөнөтүңүз.
Даттануунун мөөнөтү: Чечимди алгандан же аракет жасалгандан тарта 30 иш күнү. Административдик органдын аракетсиздигине 30 күндүк мөөнөт өткөндө же башка мыйзамдарда каралган атайын мөөнөт өткөн соң даттанасыз. Аракетсиздик болгондо дароо сотко кайырлса болот. Эгер даттануу мөөнөтүн жүйөөлүү себеп менен өткөрүп жиберсеңиз, даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө арызды да жазасыз.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- Даттанууну карай турган орган;
- Сиздин аты-жөнүңүз жана дарегиңиз;
- Эгерде арыз компаниядан болсо, өкүлдүн аты-жөнүн, кызмат ордун, компаниянын атын жана дарегин жазыңыз;
- Даттануунун маңызы;
- Кандай жыйынтыкты күтөсүз;
- Сиз тиркеген документтердин тизмеси;
- Даттануу берилген күн;
- Сиздин колуңуз, эгер компаниянын атынан даттануу берилип жатса, анда мөөр да басылат.
Арызыңызды карап чыккан соң, административдик орган төмөндөгү чечимдердин бирин чыгарышы мүмкүн:
- Арызыңызды толугу менен же жарым-жартылай канааттандырат: мурунку чечимди жокко чыгарып, аны жараксыз деп таап же жаңы чечим чыгарат.
- Даттанууну канааттандырбастан калтырат: эгерде орган баштапкы чечимди мыйзамдуу деп эсептесе, аны өзгөртүүсүз калтырат.
Эгерде даттануу органдын аракетине же аракетсиздигине байланыштуу болсо:
- Аракетти мыйзамсыз деп табышы мүмкүн: эгер ал дагы деле уланып жатса, аны токтотушу мүмкүн.
- Эгерде мурдагы иш-аракеттер мыйзамдуу деп табылса, арызыңызды жоопсуз калтырышы мүмкүн.
Органдын аракетсиздиги боюнча:
- Алар талап кылынган иш-аракеттерди же өздөрү аткарат, же төмөн турган органды буга милдеттендирет.
- Аракетти мыйзамдуу деп тапса, даттанууну кароосуз калтырышы ыктымал.
Эгерде даттанууну чечимди жогору турган орган караса:
- Даттанууну толугу менен же жарым-жартылай канааттандыра алат жана зарыл чараларды көрөт.
- Чечимди жокко чыгарат жана жаңысын чыгарууну төмөнкү органга тапшырат.
- Мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуп же керектүү иштерди аткарышы мүмкүн.
Эгерде административдик орган сиздин арызыңызды жарым-жартылай же толугу менен четке какса же туура чара көрбөсө, сиз сотко доо арыз менен кайрыла аласыз.
Сотко төмөндөгү учурларда даттанууга болот:
- Административдик органдын мыйзамсыз чечимдери же аракетсиздиги.
- Административдик органдан сизге зыян келтирчү чечимди чыгарбоону же кандайдыр бир аракеттерди жасабоону талап кылыш керек болгондо.
- Административдик органды сиз каалаган чечимди чыгарууга же белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендириш керек болгондо.
- Административдик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген эрежелер сизге туура келбесе, ага каршы чыгып, сотто талаша аласыз.
- Административдик органдын иштебей калган чечимине каршы чыгуу.
Сот төмөндөгү учурларда административдик иштерди карабайт:
- Мамлекеттик органдар же кызмат адамдары караган бузуулар үчүн токтомдорду талашуу.
- Милициянын жана башка укук коргоо органдарынын кылмыш процесстерине байланыштуу аракеттери же аракетсиздиги.
Доо арыз сиз доомат койгон административдик орган жайгашкан жердеги сотко берилет. Эгерде сиз бир нече органдардын аракеттерине даттангыңыз келсе, доону алардын биринин дареги боюнча бере аласыз.
Доо коюунун мөөнөтү
Административдик доо төмөндөгү жагдайларды эске алуу менен үч айдын ичинде сотко берилет:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын актысынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып;
- эгерде мыйзамда башка мөөнөттөр белгиленбесе, арыз ээси бул актынын чыгарылышы жөнүндө билген күндөн тартып.
Даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурда доогер доо берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды тиркейт.
Доо арызда төмөндөгү маалыматтар болушу керек:
- Доо кайда берилет (соттун аталышы).
- Сиздин маалыматтарыңыз: аты-жөнүңүз, дарегиңиз, телефонуңуз, банк маалыматтарыңыз жана электрондук почта (эгер бар болсо).
- Жоопкер жөнүндө маалымат: органдын аталышы же кызматкердин аты-жөнү жана кызматы, дареги, телефону, банк маалыматтары жана электрондук почтасы (эгер белгилүү болсо).
- Даттанууга жаткан чечимдин чоо-жайы: аны ким кабыл алды жана ал эмне болгон акт.
- Сиз эмненин үстүнөн даттанып жатасыз: аракет же аракетсиздик (ийне-жибине чейин жазыңыз).
- Чечим качан кабыл алынды же аракет качан жасалды.
- Маселени сотко чейин чечүү аракетинин таржымалы.
- Аргументтериңизди келтириңиз жана соттон эмнени каалаганыңызды көрсөтүңүз.
- Доого тиркелген бардык документтердин тизмеси.
Доо арызыңызга төмөндөгүлөр тиркелиши керек:
- Даттанылып жаткан актынын өзү же анын көчүрмөсү.
- Арызыңыз боюнча сотко чейин кабыл алынган чечим.
- Сиздин айтканыңыз туура экенин тастыктаган далилдер.
- Мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (эгер сиз андан бошотулбасаңыз).
- Процесстин башка катышуучулары бардык кагаздардын көчүрмөлөрүн алгандыгын ырастоочу документтер.
- Эгер бар болсо, сиз буга чейин жазган бардык арыздар.
- Документтер башка тилде болсо, расмий тилге которулган варианттары.
Доогер кайсы бир далилдерди өз алдынча келтире албаса, мунун себептерин көрсөтүү менен доодо жазып өтүш керек. Ошондой эле далилдерди тийиштүү тараптан алууну талап кыла алат.
Доонун жазылган күнү көрсөтүлөт, доогер өзү же анын өкүлү кол коет.
Эгерде доо өкүл тарабынан берилсе, анда өкүлдүн аты-жөнү, дареги, ошондой эле телефон номерлери жана электрондук почта дареги көрсөтүлөт. Доо менен бирге өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ берилет.