- Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, анын ичинде жаш балдар туруктуу пайдалануу үчүн майыптык арабаны акысыз алууга укуктуу.
- Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси майыптык арабаларды чогултуу, сактоо жана берүү үчүн жооп берет. Ошондой эле, арабаларды оңдоо иштерин жасайт.
- Майыптык араба 3 жаштан баштап бардык муктаждарга берилет.
- Майыптык араба 5 жылга чейинки мөөнөткө берилет.
- Эгер жаранда каалоо жана мүмкүнчүлүк болсо, жакшыртылган үлгүдөгү арабаны сатып алса болот, мында акысыз берилүүчү арабанын баасын эске алуу менен жеңилдетүү болот.
- Алуучу каза болгон учурда араба аймактык бөлүмгө кайтарылууга тийиш.
– арыз;
– МСЭКтин корутундусу;
– жашаган жеринен маалымкат.
2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу онлайн тапшырсаңыз болот – https://portal.tunduk.kg
Ал үчүн:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кириңиз;
- Кызматтар каталогунан тийиштүү кызматты тандаңыз;
- Кызмат алууга табыштаманы тариздеңиз;
- Жеке кабинетте “алынган кызматтар” бөлүмүндө кайрылууңуздун статусун текшерип тура аласыз.
2. Өзүңүз барып тапшырсаңыз болот. Документтерди алып, жашаган (катталган) жериңиздеги райондук/шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгына кайрылыңыз.
Майыптык арабаны берүү атайын маалыматтык базадагы электрондук кезек тартибинде жүргүзүлөт.
Тийиштүү журналга датаны көрсөтүү менен кол коюп, майыптык арабаны аласыз.