Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

“Коопсуз шаардын” камералары каттаган айыптын үстүнөн кантип даттанса болот?

ID2748
Көрүүлөр: 67
Актуалдуу: 16-12-2024
QR Code

Эгерде сиз айып пул туура эмес жазылган деп эсептесеңиз, анда ЖКККББнын мониторинг борборуна кайрылышыңыз керек. Ал Горький көчөсү 20 дарегинде жайгашкан. Айып пулга каршы чыгышыңыздын себебин түшүндүрүп, арыз жазышыңыз керек.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот: (0312) 53-03-48, 53-03-89, 53-03-76.

Кандай документтер керек?

  • Паспорт;
  • Айдоочулук күбөлүк;
  • Унаанын техпаспорту;
  • Айып пул тууралуу жазылган токтомдун көчүрмөсү.

Айып пул боюнча даттануудан мурда төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

  • Айып пул тууралуу билдирүү алган күндөн тарта 10 күн ичинде гана даттануу бере аласыз. Даттанып жаткан адам автоунаанын ээси болушу керек же ээсинен ишеним кат алган адам болушу зарыл. 

Даттанууну кароо тартиби

  • Талаштуу жагдай комиссиянын жыйынында 14 жумуш күндүн ичинде каралат.
  • Арыз кабыл алынган учурда айып пулду жеңилдик менен төлөө мөөнөтү токтотулуп турат. 

 




    Окшош суроолор