Кыргызстанда бардык жарандар юридикалык кеп-кеңешти акысыз алууга укуктуу. Бирок акысыз мамлекеттик адвокат жарандардын анык бир тобуна гана дайындалат. Акысыз адвокат кимдерге берилет, кайда кайрылыш керек? Бул суроолорго ирети менен токтололу.
“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамына ылайык, акысыз адвокатты дайындоодо жарандын кирешесинин көлөмү менен сот өндүрүшүнүн түрү чечүүчү мааниге ээ.
Сот өндүрүшүнүн ар бир түрүн өзүнчө карайбыз. Бирок бир жагдайды эске түйүп алыңыз: кармалган учурда ар бир жаран адвокаттын коргоосуна укуктуу, бул учурда анын кирешеси же дагы башка шарттар эске алынбайт. Андыктан жаран кармалса, анын жакындары, үчүнчү жактар Юридикалык жардам кызматына кайрылып, кармалган адамга адвокат ажырата алат.
Юридикалык жардам кызматынын сайтында калькулятор бар, андагы суроолорго жооп берүү менен сизге акысыз адвокат каралар-каралбасын билсеңиз болот: https://ukuk-jardam.gov.kg/ru/legal-calculator
Эгерде шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгон же акталган жарандын, жабырлануучунун кирешеси минималдык айлык-акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаса, анда акысыз адвокат берилет. Мисалы, 2024-жылы минималдуу айлык-акы 2534 сом деп аныкталган. Эгер сиздин жылдык кирешеңиз 152 040 сомдон (2534 × 60) же айлык кирешеңиз 12 670 сомдон ашпаса, анда акысыз адвокат алууга укуктсуусуз.
Мындан сырткары кирешеси эсепке алынбай туруп, акысыз адвокат дайындалчу жарандардын категориялары бар:
1) кармалган учурларда адамдарга;
2) өзгөчө оор кылмыш жасады деп шектелгендерге, айыпталгандарга, соттолгондорго, акталгандарга;
3) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
4) психикалык оорудан жабыркаган адамдарга;
5) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
6) балдарга;
7) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;
8) баланы/балдарды тарбиялап жаткан жалгыз бой адамдарга;
9) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
10) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;
11) чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, качкындарга;
12) адамдарды сатуунун курмандыктарына;
13) кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан инсандыгы аныкталбаган адамдарга;
14) кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.
Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча акысыз адвокат камакка алуу каралган шектелүүчүгө берилет. Шарт – кирешеси минималдык айлык-акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаш керек. Мисалы, 2024-жылы минималдуу айлык-акы 2534 сом деп аныкталган. Эгер сиздин жылдык кирешеңиз 152 040 сомдон (2534 × 60) же айлык кирешеңиз 12 670 сомдон ашпаса, анда акысыз адвокат алууга укуктуусуз.
Кармалган учурда жарандардын баарына кирешеси эске алынбастан туруп адвокат дайындалат.
Акысыз адвокат төмөндөгү учурларда берилет:
1) эмгек акыны жана башка суммаларды эмгек акыны төлөө тартибинде өндүрүп алуу жөнүндө доолор жана эмгек укуктук мамилелеринен келип чыгуучу башка талаптар боюнча доогерлерге;
2) мертинүүдөн же ден соолугунун башка бузулушунун айынан, ошондой эле багуучусунун өлүмүнө байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;
3) кылмыш же укук бузуу менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолор боюнча доогерлерге;
4) никени бузуу тууралуу иштери боюнча тараптарга;
5) алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
6) балдардын жашаган жерин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
7) бала менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
8) ата-энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө доолор боюнча тараптарга;
Маанилүү шарт: алардын кирешеси минималдык айлык-акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаш керек. Мисалы, 2024-жылы минималдуу айлык-акы 2534 сом деп аныкталган. Эгер сиздин жылдык кирешеңиз 152 040 сомдон (2534 × 60) же айлык кирешеңиз 12 670 сомдон ашпаса, анда акысыз адвокат алууга укуктуусуз.
Мындан сырткары кирешеси эсепке алынбай туруп, акысыз адвокат дайындалчу жарандардын категориялары бар:
1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
3) жашоонун оор кырдаалына дуушар болгон балдарга;
4) багуусунда баласы/балдары бар жалгыз бой адамдарга;
5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап жаткан улгайган жарандарга;
7) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;
9) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө иштер боюнча жарандарга;
10) психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган адамдарга.
Акысыз адвокат төмөндөгүлөргө берилет:
1) административдик актыны же административдик органдын аракеттерин жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доогерлерге;
2) доогерге оорчулук келтирүүчү административдик актыны кабыл албоого же башка аракеттерди жасабоого административдик органдын милдеттери жөнүндө административдик доогерлерге;
3) административдик актыны кабыл алууга же белгилүү бир аракетти жасоого административдик органдын милдети жөнүндө административдик доогерлерге;
4) административдик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актысын жараксыз деп таануу жөнүндө административдик доогерлерге;
5) административдик органдын күчүн жоготкон административдик актысын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө административдик доогерлерге.
Маанилүү шарт: алардын кирешеси минималдык айлык-акынын 60 эсе өлчөмүнөн ашпаш керек. Мисалы, 2024-жылы минималдуу айлык-акы 2534 сом деп аныкталган. Эгер сиздин жылдык кирешеңиз 152 040 сомдон (2534 × 60) же айлык кирешеңиз 12 670 сомдон ашпаса, анда акысыз адвокат алууга укуктуусуз.
Кирешеси эсепке алынбастан акысыз адвокат төмөндөгүлөргө берилет:
1) I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарга;
2) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген адамдарга;
3) турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон балдарга, ошондой эле процесстик мыйзамдарга ылайык толук процесстик аракетке жөндөмдүү балдарга;
4) багуусунда бала/балдар бар жалгыз бой адамдарга;
5) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына;
6) мамлекеттик социалдык стационардык мекемелерде жашап турган кары-картаңдарга;
7) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү жарандарга;
8) үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга;
81) кайрылман статусун берүү маселеси боюнча кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдарга;
82) качкын статусун берүү маселеси боюнча качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга;
83) жарандыгы жок адам статусун берүү маселеси боюнча жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдарга;
84) аргасыз жер которуу статусун берүү маселелери боюнча аргасыз жер которгондорго;
9) процесстик мыйзамдарда каралган башка учурларда.
Бул үчүн Юридикалык жардам кызматынын координаторуна кайрылыш керек. Шилтемени караңыз: https://ukuk-jardam.gov.kg/ky/coordinator/list
Координатор арыз келгенден кийинки 3 күн ичинде Соицалдык фондго, салык органдарына жана башка мекемелерге жарандын кирешеси тууралуу маалыматтарды алуу үчүн суроо-талап жиберет. Координаторго ал мекемелер 10 жумушчу күндүн ичинде жооп бериши керек.
Арыз берүүчү талаптарга туура келсе, анда ага адвокат дайындоо чечими кабыл алынат.
114 шыр байланышына чалыңыз. Чалуу акысыз.
Же өз аймагыңыздагы координаторго байланышыңыз: https://ukuk-jardam.gov.kg/ky/coordinator/list