Жаранды дайынсыз жок же өлдү деп табуу соттук тартипте гана ишке ашат.
Кыргызстанда адамдын дайын-оту бир жылдан бери белгисиз болсо, аны дайынсыз жоголду деп тапса болот.
Эгерде адамдын дайыны үч жылдан бери белгисиз болсо, сот аны өлгөн деп жарыялашы ыктымал. Адам өмүрүнө коркунуч бар жагдайларда жоголсо же кокустуктан улам каза болду деп божомолдогонго себеп бар учурда үч жыл деген мөөнөт алты айга чейин кыскартылат.
Аскер адамы же аскердик аракеттердин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон адамды өлдү деп жарыялаш үчүн аскердик аракет бүткөндөн кийин бери дегенде эки жыл убакыт өтүшү керек.
Адамды дайынсыз жок же өлдү деп табыш үчүн сотко кызыкдар тараптар гана кайрыла алышат. Мисалы, ошол адамдын жубайы, анын багуусунда болгон адамдар, иш берүүчүсү ж.б. Сотко кайрылууга төмөндөгүдөй укуктук жагдайлар себеп болушу мүмкүн:
- дайынсыз адамдын мүлкүн ишенимдүү башкарууга (керек учурда туруктуу башкарууга) берүү же дайынсыз адамдын багуусунда болгондордун муктаждыгы үчүн мүлктү колдонуу, болбосо дайынсыз адамдын карызын (насыясын, салыгын) төлөө;
- дайынсыз адамды жашаган жери боюнча каттоодон чыгаруу;
- дайынсыз адамдын жубайынын арызы боюнча никени кыркуу;
- дайынсыз жоголгон атанын (эненин) макулдугусуз баланы багып алуу мүмкүнчүлүгү;
- дайынсыз жоголгон адам менен эмгек келишимин токтотуу;
- багуучусунан айрылгандык боюнча пенсия жана башка төлөмдөрдү тариздөө;
- дайынсыз жок болгон адам тарабынан берилген ишеним каттын күчүн токтотуу.
Арыз жалпы талаптар боюнча түзүлөт, анда кайрылуунун максаты көрсөтүлүп, жаранды дайынсыз жок же өлдү дегенге эмне себеп-далилдер бар экени баяндалат. Ошондой эле арызда дайынсыз адамды издөө үчүн кандай аракеттер болгонун, милицияга кайрылышканбы – ушул жагдайларды кошо жазуу сунушталат.
Арызды кызыкдар адам өзү же тийиштүү ишеним каты менен өкүлү аркылуу бере алат.
Арызга төмөндөгүлөрдү тиркеш керек:
- Ишке катышуучу башка тараптарга арыздын көчүрмөсү жиберилгенин далилдөөчү документтер;
- Эгер өкүл арыз берип жатса, анда ишеним кат;
- Арыз берүүчүнүн кызыкдар тарап деген макамын далилдей турган документ (мисалы, аялы күйөөсүн дайынсыз деп табууну көздөп жатса, анда алардын нике күбөлүгү жарайт);
- Жарандын акыркы жашаган жери тууралуу, ушул кезге чейин жок болуп жатканы боюнча документтер.
Жаранды дайынсыз жок же өлдү деп табуу тууралуу арыз кызыкдар тараптын жашаган жери боюнча сотко берилет. Сот төмөндөгүдөй аракеттенет:
- жок болуп жаткан жаран тууралуу ким маалымат бере аларын аныктайт;
- дайынсыздын акыркы жашаган жери жана иштеген жери боюнча тийиштүү мекемелерден маалымат сурайт;
- жаран чын эле дайынсыз болуп жатканы боюнча далилдерди сурайт (мисалы издөө иштери тууралуу милициядан маалымат);
- сот арызды кабыл алгандан кийин балдарды коргоо мекемесине кайрылып, дайынсыз адамдын мүлкүнө башкаруучуну дайындоону сунушташы мүмкүн.
Жаранды дайынсыз жок деп табуу боюнча сот чечими чыкты дейли. Бул чечим камкорчулук мекемеси ишенимдүү башкаруу тууралуу келишим түзгөн адамга дайынсыздын мүлкүн өткөрүп берүүгө негиз болуп бере алат.
Эгер сот жаранды өлдү деп тааныса, анда жарандык абалды каттоо китебине “өлдү” деген маалымат киргизилет.
Мурда сот тарабынан дайынсыз деп табылып же өлдү деп жарыяланган адам кайтып келсе, сот ишти кайра жаңыртып, жаңы чечимин чыгарат. Мурдагы чечим жокко чыгарылат. Жаңы чечимдин көчүрмөсү камкорчулук мекемесине жиберилип, жарандын мүлкүн ишенимдүү башкаруу токтотулат. Өлдү делген болсо, ЗАГС документтерине кайрадан өзгөртүү киргизилет.
Булак:
https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/14707/ru
https://admin-vshp.sot.kg/public/sites/3/2019/11/Osoboe-proizvodstvo-posle-dorabotki.pdf