Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

РФтин Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинен” кантип чыкса болот?

ID2237
Көрүүлөр: 35
Актуалдуу: 22-10-2024
QR Code

Россия Федерациясынын Федералдык миграция кызматынын (мудагы ФМС, азыр УФМС) “кара тизмесине” кирип, РФ аймагына өтө албай жүргөндөр аз эмес. “Кара тизмеден” расмий чыгуунун жолу бар. Төмөндө жол-жобосу кенен берилген. 

РФтин Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” илинген жарандар РФтин аймагына кире алышпайт.

РФ аймагында жаранды аныктоо (идентификациялоо) биометрикалык маалыматтар (мисалы, бармак изи) менен жасалат. Ошондуктан аты-жөнүңүздү, каттооңузду, ИИН-номуруңузду өзгөртүп алып, чек арадан өтүп кетем десеңиз жаңылашасыз. Баары бир “кара тизмеде” экениңиз көрүнөт. Ал эми РФ аймагына өзгөртүлгөн маалымат менен кирүүгө аракет үчүн административдик же кылмыш жоопкерчилиги бар.

Россияга жөнөрдөн мурда “кара тизмени” бир текшерип койгон оң. Анын бир нече жолу бар.

  •  https://ufms-gov.ru/ сайтына кириңиз, “Горячая линия” дегенди тандап, андан ары ошол жердеги суроолорго жооп бериңиз. 

  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштуруу борборунун сайтына кириңиз: https://migrant.kg/ru/services/black-list  – “кара тизмени” онлайн текшериңиз. Мындагы маалыматтар улам жаңыланып турат, азырынча ал 2024-жылдын июль айына актуалдуу. 
  • Кыргызстандагы паспорт столдоруна, Калкты тейлөө борборлоруна, Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыныз. 
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборуна кайрылыңыз. Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч., 237; Ош ш., Ленин көч., 221. 

Эсиңизде болсун! Федералдык миграция кызматынан сырткары Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) да “кара тизмеси” бар. Кыргызстандын Миграция министрлиги РФтин Миграция кызматы менен гана кызматташат. 

 

“Кара тизмеге” кирип калдыңыз дейли. Андан мыйзамдуу жол менен чыкса болорун эске алыңыз. Бул үчүн документтерди жана арызды даярдаш керек: 

  • А4 барагына жазылган арыз, анын үлгүсүн макаланын төмөн жагынан көчүрүп алсаңыз болот. 
  • Жалпы жарандык паспортуңуздун жана ID-картаңыздын көчүрмөсү. 

Кошумча төмөндөгү документтерди тиркесеңиз болот: 

  • Эгер сиздин жубайыныз РФ жараны болсо, анда нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • РФ аймагында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенип келсеңиз, анда жумушка уруксат кагаздын же патенттин көчүрмөсү;
  • Эгер РФте окусаңыз, анда студенттик билеттин көчүрмөсү же окуган жерден маалымкат. 

Арызыңызды жана документтериңизди Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө же министрликтин борбордук аппаратындагы коомдук кабылдамага тапшыра аласыз. 

Борбордук аппараттын дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 142 (тел.: (0312)62-04-35.)

РФтин Федералдык миграция кызматы арызды 3-4 айдын ичинде карайт. Жыйынтыгын сизге арызда көрсөтүлгөн телефон номер боюнча кабарлашат. 

РФке кирүүгө тыюуну алып салуу тууралуу арыздын үлгүсү 




    Окшош суроолор