Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Бизнес үчүн жер тилкесин кантип ижарага алса болот?

ID1539
Көрүүлөр: 187
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Бизнес үчүн жер тилкесин жергиликтүү бийликтен – шаардык мэриялардан жана айыл өкмөттөрүнөн ижарага алса болот. Муниципалдык жерлерди арендага берүүнүн негизги эрежелерин жана тартибин жергиликтүү кеңештер жобо түрүндө бекитет. Бул макалада биз Бишкек шаарынын мисалында жерди ижарага алуунун жол-жобосун айтып беребиз. Негизги эрежелер башка аймактарда көп деле айырмаланбайт. 

Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары боюнча башкармалыгы ижарага бериш үчүн жер тилкелерин ажыратат. Тилкени мекеме өз алдынча же жарандардын, уюм-мекемелердин кайрылуусу менен даярдай алат. 

Документтерди “Бирдиктүү терезе” принцибинде кабыл алышат. Сиз жеке же юридикалык тарап катары Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгына арыз бере аласыз. Анда төмөндөгү маалыматтар камтылышы керек: 

Арыз берүүчүнүн маалыматтары:

  • Физикалык тараптар үчүн: аты-жөнү, катталган же азыр жашап жаткан жеринин дареги, байланыш номуру. 
  • Юридикалык тараптар үчүн: өкүлдүн аты-жөнү, мамлекеттик каттоо дареги, компаниянын иш жүзүндөгү дареги, байланыш номурлары, эгер өкүл кайрылып жаткан болсо, ага берилген ишеним кат, эгер компания чет жактыктарга таандык болсо, анда бул жагдай тууралуу маалыматтар. 

Арызда төмөндөгүлөрдү көрсөтүңүз:

  • Жерге болгон укук: жерд ижарага аларыңызды айтыңыз. 
  • Пайдалануу максаты: Жер сизге кандай максат үчүн керектигине токтолуңуз. 
  • Тилкенин аянты: Сизге канча аянттагы тилке керектигин көрсөтүңүз. 
  • Тилкенин жайгашкан жери: Эгерде көздөп жүргөн тилкеңиз болсо,  ошол аймакты көрсөтүңүз. Эгерде болжогон жериңиз жок болсо, анда шаардын кайсы бөлүгү сизге туура келерин айтып өтүңүз. 

Арызды алган соң жер Жер ресурстары башкармалыгы сиз тандаган тилке боюнча чектөөлөрдүн бар-жогун текшерет. Эгер эч кандай чектөө жок болсо, арызыңызды архитектура жана курулуш мекемесине жиберет. Сизге болсо арызыңыз кабыл алынганы тууралуу документти беришет. Эгерде тилкеге чектөөлөр болсо, анда сизге арызыңыз четке кагылганын жана мунун себебин түшүндүргөн кат беришет. 

Жер ресурстары башкармалыгы арызыңызды кабыл алды дейли. Бирок бул аз күндө жер колуңузга тиет дегенди билдирбейт, себеби процесс бир топ татаал. Эми бүт жумушту архитектура жана курулуш мекемеси жасайт: жер тилкесин түзөт, анын шаар куруу документтерине шайкештигин текшерет. Буга беш күн каралган. 

Эгерде шаар куруу документтерине жер тилкеси туура келбесе, анда мекеме жерди түзүүдөн баш тартат. Эгер баары жайында болсо, анда алар тилкенин топографиялык планын жана схемасын иштеп чыгып, чек араларды аныкташат. Схема даяр болгон соң, архитектура кызматы аны башка мекемелерге макулдашуу үчүн жиберет. Андай мекемелердин катарында экологиялык жана өрт көзөмөл кызматтары, эстеликтерди жана жашыл бактарды коргоо уюмдары, укук коргоо органдары кирет. Эгер алардын баары макулдугун берсе, жер тилкеси түзүлөт. 

Архитектура жана курулуш башкармалыгы тилке үчүн шаар куруу корутундусун жасайт. Анда жер тилкесинин планы, чек аралары, инженердик тармактар жана курулуш зонасы, ошондой эле тилкени колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү, мүнөздөмөлөрү тууралуу отчет камтылат. Эгерде жер атайын зонада жайгашса, анда кошумча эрежелер жазылат. Архитектура кызматы өз корутундусун Жер ресурстары башкармалыгына жиберет. Документ 2 жылга жарактуу. 

Шаар куруу бүтүмүн даярдоонун жалпы мөөнөтү 35 иш күнүн түзөт. 

Шаар куруу бүтүмүнө жана комиссиянын чечимине таянып, Жер ресурстары башкармалыгы Бишкек мэриясына жер тилкесин  бекитип берүү тууралуу токтомдун долбоорун жиберет. Ушул жерде сизде кайсы комиссия тууралуу кеп болуп жатат деген суроо жаралышы мүмкүн. Бул жер укуктары боюнча комиссия, жерди бекитүү, аукциондорду уюштуруу маселесин чечет. Комиссиянын курамын Бишкек шаардык мэриясы бекитет, төрагасы болуп вице-мэр эсептелет. 

Көңүл буруңуз: Эгерде ижарага берилчү жер тарыхый аймактарда жайгашкан болсо, анда 3 ай бою коомдук угуулар өтөт. Коомдук жана мамлекеттик муктаждык үчүн жер бөлүнүп жатса, анда аукцион өткөрүлбөйт. 

Сиз башында жер тилкесин ижарага алам деп арыз берген болсоңуз, арызыңызды кабыл алуудан тарта аукционду жарыялаганга чейинки бардык баскычтарды басып өттүңүз. Бирок сиздин арызыңыз боюнча жер тилкесин ижарага берүү чечими кабыл алган күндө да, тилке сиздин колуңузга тиерин эч ким кепилдебейт. Сиз башка талапкерлер менен чогуу аукционго катышасыз. 

Ошол үчүн мэриянын сайтын, ЖМКларды карай жүрүңүз. Аукцион тууралуу маалыматты көрүп калсаңыз, ага катышуу үчүн дароо арыз берсеңиз болот. Эсиңизде болсо, жер тилкерлери жарандардын өтүнүчү менен да, мэриянын демилгеси менен да тузүлө турганын башында айтып өткөнбүз. 

Аукционго 30 күн калганда Жер ресурстары башкармалыгы жарыя чыгарат. Жарыя электрондук соода аянтына, Бишкек мэриясынын сайтына, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгат. 

Аукционго катышуу үчүн электрондук соода аянты аркылуу арыз бериңиз. Арыз электрондук кол тамга же ID-карта менен күбөлөндүрүлгөн болушу керек. Жарыяда айтылган документтердин баарын тиркеңиз. Ар бир арыз уникалдуу номурга ээ болот. 

Көңүл буруңуз: 

  • Бир катышуучу бир эле арыз бере алат.
  • Кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийген келген арыздар катталбайт. 

Жарыяда көрсөтүлгөн эсепке кепилдик төлөмүн которушуңуз керек: 

  • Эгерде баштапкы баа 1 млн сомдон ашпаса, анда баштапкы баанын 100%ы.
  • Эгерде баштапкы баа 1 млн сомдон ашса, анда баштапкы баанын 50%ы.

Аукциондон кийинки 10 күн ичинде кепилдик төлөм жеңүүчүдөн башка бардык катышуучуларга кайтарылып берилет. Жеңүүчүнүн төлөмү ижара акысына деп эсептелет. 

Сиз аукциондон уттуңуз. Эми Жер ресурстары башкармалыгы менен ижара келишимин түзүшүңүз керек. Келишим “Кадастр” мекемесинин Бишкек филиалында катталышы шарт. 

Эгерде белгиленген мөөнөт аралыгында келишим түзүүдөн баш тартсаңыз, анда аукциондун жыйынтыгы жокко чыгарылат. Сиздин кепилдик төлөмүңүз кайтарылып берилбейт, акчаны жергиликтүү бюджетке которушат. 

Ижаранын шарттары, тараптардын укук-милдеттери келишимде көрсөтүлөт. Келишим мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн күчүнө кирет. Келишимди түзүү, каттоого байланыштуу чыгымдар сиздин чөнтөгүңүздөн кетет. 

Үч жыл же андан көп мөөнөткө түзүлгөн ижара келишими сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоодон өтүшү керек. Андан аз мөөнөттөгү келишимдер ижарачынын каалоосу менен каттоодон өтөт. 




    Окшош суроолор