Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Үй куруш үчүн жер тилкесин кантип бекер алса болот?

ID1009
Көрүүлөр: 389
Актуалдуу: 21-05-2024
QR Code

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык, жаран төмөнкү учурларда бекер жер тилкесине укуктуу:

  • Бишкекте же Ошто 3 жылдан кем эмес, башка аймактарда бир жылдан кем эмес убакыттан бери жашайт.
  • Үй куруу үчүн бөлүнгөн жери же үйү жок. Үйү болсо да, санитардык талаптарга жооп бербейт
  • Кыймылсыз мүлккө байланыштуу алып-сатуу аркылуу акыркы 5 жылда турак-жай шартын начарлаткан эмес.

Жергиликтүү бийлик органдарына (айыл өкмөтүнө же мэрияга) төмөнкү документтерди тапшырыңыз:

  • Арыз. 
  • Паспортуңуздун көчүрмөсү.
  • Жер жана турак-жайыңыз жок экендиги жөнүндө маалымкат.
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо).
  • Кааласаңыз, иштеген жериңизден өтүнүч кат же жумушсуздук тууралуу маалымкат.
  • Турак-жай шарттарын текшерүү актысы.
  • Нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эгерде бар болсо).



Жергиликтүү бийлик органы жашаган жериңиз жана үй-бүлө курамаңыз жөнүндө маалымкатты «Санарип Аймак» системасынан алып, комиссияга берет.

Жергиликтүү администрациянын, архитектура жана каттоо органынын, коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия арыздарды карайт жана жерди бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Сиз кезекте турасыз. Бергенге жер тилкеси пайда болгонуна жараша чечим кабыл алынат. Жетим балдарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана муктаж болгондорго артыкчылык менен берилет.

Майып деп табылган адамдарга, төмөнкү окуялардын кесепетинде жаракат алгандарга жана майып болгондорго, ушул окуяларда каза болгон адамдардын балдарына жер кезексиз берилет:

  • 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда;
  • 2005-жылдын 24-мартында Бишкек шаарында;
  • 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларында;
  •  2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусунда;
  • 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусунда жана 2010-жылдагы июнь окуяларында Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында;
  • -2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышууларда. 

Эгерде жаран мурда жер тилкесин алган болсо же жубайынын турак-жайы болсо, арызды канааттандыруудан баш тартышы мүмкүн. 

Жер тилкеси бир жолу бекер берилет.

Курулушту баштоодон мурун, чек араларды белгилөө жана бардык керектүү документтерди жана уруксаттарды алуу зарыл.




    Окшош суроолор