Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Жумушсуздук боюнча жөлөк пулду кантип алса болот?

ID611
Көрүүлөр: 191
Актуалдуу: 12-03-2024
QR Code

Жумушсуздук боюнча жөлөк пулду алыш үчүн сиз: 

  • расмий жумушсуз деп табылышыңыз керек;
  •  соңку үч жылда аз дегенде 1 жыл иштеген болушуңуз шарт;
  • Социалдык фондго төлөм жүргүзгөн документтерди көрсөтүшүңүз зарыл. 

Камсыздандыруу эсебиңизден көчүрмөнү көрсөтсөңүз, жөлөк пул чегерилет. Жаран тынымсыз жумуш издеп, аракети тууралуу ай сайын иш менен камсыздоо кызматына маалымат берип турушу керек. 

  • паспорт;
  • эмгек китепчеси же анын дубликаты;
  • Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү ырастоочу жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөлөр;
  • кесиптик квалификацияны тастыктаган документтер;
  • жумуш издөө жөнүндө маалымат.

Документтерди алып, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнө кайрылыңыз. Бул жерде сизге арыздын үлгүсү берилет, аны толтуруңуз. 

Кайрылууңуз катталгандан кийин Эмгек министрлигинин бөлүмү 10 күндүн ичинде сизге жумуш таппаса, анда сиз расмий түрдө жумушсуз деп табыласыз да, жөлөк пулду дайындоо жөнүндө чечими кабыл алынат.

  • Жаран расмий түрдө жумушсуз деп табылгандан бир айдан кийин алгачкы жөлөк пул төлөнөт, андан кийин айына бир жолу которулат.
  • Жумушсуздук боюнча жөлөк пул ай сайын төлөнөт, бирок 3  жылда 12 айдан ашык эмес. 
  • Сумма бекитилген базалык жөлөк пулдун көлөмүнө жана камсыздандыруу стажына жараша болот. Бийик тоолуу, алыскы аймактарда жашгандарга атайын коэффициент кошулат. 

Жумушсуздук боюнча жөлөк пулдун өлчөмү иш стажына карата пайыздык катышта белгиленет. Мисалы, эгерде камсыздандыруу стажы:

12 айдан 24 айга чейин=300 сом

24-36 айга чейин = 330 сом

36-60 айга чейин = 390 сом

60-120 айга чейин = 450 сом

120 айдан жогору = 600 сом


Жөлөк пулуңуздун суммасы канча болорун атайын калькулятордун жардамында эсептей аласыз: https://mlsp.gov.kg/calculator/versions/ocean/uz.html

Жумуш издеп жатканыңыз тууралуу маалыматты ар ай сайын берип турсаңыз гана жөлөк пул төлөнөт. Бланкта иш издөө тууралуу маалыматтар уюмдун же мекеменин мөөрү менен ырасталышы керек. 




    Окшош суроолор