Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Тиш дарылатуу: кимге кандай жеңилдиктер каралган?

ID767
Көрүүлөр: 163
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code
  1. 10 жашка чейинки балдар.
  2. 70 жаштан ашкан пенсионерлер.
  3. Кош бойлуу аялдар. 
  4. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар (ОМС полиси).  
  5. Калктын социалдык жактан аялуу катмарына:
  • мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
  • ВИЧ/СПИД менен ооруган адамдар;
  • “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар;
  • жетим балдар;
  • Чернобыль АЭСИНЕН жабыркаган жарандар, анын ичинде авариянын кесеттерин жоюуга катышкандар, алардын үй-бүлөлөрү. Толук тизме бул жерде. 

Ушул тизмедеги жарандар стоматологиялык жардамдын базалык топтомун акысыз алышат.

 Стоматологиялык жардамдын кошумча топтому болсо төмөндөгүдөй шартта берилет:  

  • социалдык жактан аярлуу категориялар үчүн акысыз. 
  • 50% жеңилдик: 10 жашка чейинки балдарга, 70 жаштан ашкан пенсионерлерге, кош бойлуу аялдарга, ОМС полиси бар жарандарга. 

Калктын калган категориялары үчүн стоматологиялык кызматтардын наркы бирдиктүү тарифке ылайык толук төлөнөт. Тариф монополияга каршы органдардын макулдугу менен саламаттык сактоо органы тарабынан бекитилет.

Профилактика:

– калкты тишке жана ооз көңдөйүнүн былжырлуу челине кам көрүүнүн санитардык-гигиеналык көндүмдөрүнө үйрөтүү;

– мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын, жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын, кош бойлуулугу боюнча каттоого турган аялдардын ооз көңдөйүн профилактикалык кароо:

– беттин ассиметриясын, тиштөө патологиясын аныктоо (жаактын туура же туура эмес катышы, бет скелетинин өзгөрүшү, жогорку жана төмөнкү жаак системасынын иштеши);

– кариестин, пародонтиттин, тиштөөнүн бузулушун диагностикалоо, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жана бет-жаактын залалдуу жана рак алдындагы ооруларын аныктоо;

– ооз көңдөйүндө ооруну козгогон бактериялардын болушуна – ооз көңдөйүн текшерүү;

– ооз көңдөйүнүн гигиенасы боюнча сунуштамалар, ооз көңдөйүнүн гигиенасынын индексин аныктоо, тиешелүү гигиеналык каражаттарды тандоо, диетаны дайындоо;

– минералдаштыруучу препараттар менен тазалоо көрсөткүчтөрүн жана эселүүлүгүн аныктоо, минералдаштыруучу препараттарды жергиликтүү колдонуу.

Ооз көңдөйүн санациялоо – бул текшерүү, көйгөйдү аныктоо, тиш бүйлөсүн дарылоо, таштардан жана тактардан арылуу.

Стоматологиялык ооруларды дарылоо:

1) тиш кариеси, анын ичинде:

  • эмаль кариеси;
  • дентин кариеси;
  • цемент кариеси;
  • тиштин токтоп калган кариеси;
  • одонтоклазия;
  • тиштин башка кариеси;
  • такталбаган тиш кариеси.

2) пульпа жана периапикалык ткандардын оорулары:

  • пульпит;
  • пульпа некрозу;
  • пульпа дегенерациясы;
  • пулпадагы катуу ткандардын туура эмес калыптанышы;
  • пульпадан келип чыккан курч апикалдык периодонтит;
  • өнөкөт апикалдык периодонтит;
  • периапикалдык абсцесс көңдөйү менен;
  • периапикалдык абсцесс көңдөйсүз;
  • тамырланган киста;
  • пульпанын жана периапикалдык ткандардын башка такталбаган оорулары.

 

Кечиктирилгис стоматологиялык жардам – курч ооруларда, оор абалдарда, өмүргө коркунуч туудурган ачык белгилери жок өнөкөт оорулардын курчушунда көрсөтүлүүчү медициналык жардам, аны көрсөтүүнү белгисиз убакытка кечиктирүү бейтаптын абалынын начарлашына алып келет. Медициналык кызмат акысыз көрсөтүлөт жана амбулаториялык шарттарда көрсөтүлүшү мүмкүн.

Кечиктирилгис стоматологиялык жардамды талап кылган абалдарга төмөнкүлөр кирет:

– пульпит (курч кармаган же өнөкөт оорунун күчөшү);

– периодонтит (курч кармаган же өнөкөт оорунун күчөшү);

– жаак-бет жаракаттары (мисалы, жаактын чыгып кетиши же тиштин сынышы);

– бет-жаактын одонтогендик жана одонтогендик эмес сезгенүү ооруларынын күчөшү, стоматит.

Кечиктирилгис стоматологиялык жардам төмөнкүдөй медикаментоздук камсыз кылууну камтыйт:

– стоматологиядагы жергиликтүү анестезия;

– стоматологиядагы новокаин блокадасы;

– стоматологиядагы аппликация түрүндөгү анестезия;

– ооз ичиндеги контакт рентгенографиясы;

– медициналык дарылоо менен тиш көңдөйүн ачуу;

– бир кариоздук көңдөйдү калыптандыруу жана дарылоо;

– убактылуу пломбаны алып салуу;

– амальгама пломбасын же курама материалды алып салуу;

– девитализациялоочу медикаменттерден аппликация (аралык сеанс);

– периодонтитти дарылоодо тиш трепанациясы (наркоздун баасы кирбейт);

– каналды механикалык-медикаментоздук тазалоо;

– жабылып калган каналды механикалык жана химиялык кеңейтүү;

– убактылуу пломба коюу;

– тишти сууруп алуу;

– тишти сууругандан кийин таңуу (тешикти медикаментоздук тазалоо);

– 1 татаал тишти сууруп алуу;

– пародонт абсцессин ачуу;

– абсцессти ачуу, дренаж.




    Окшош суроолор