Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Тез жардам бардык жарандар үчүн акысыз

ID723
Көрүүлөр: 158
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга күнү-түнү акысыз көрсөтүлөт. Мында бейтаптын жарандыгы, каттоосу, ОМС полиси бар же жок экендиги эске алынбайт. Бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жоюлуп, абалы турукташканча дары-дармектер, медициналык бардык каражаттар акысыз болот. 

  1. Шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардамды ким көрсөтөт?
  • шашылыш медициналык тез жардам кызматы;
  •  менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары;
  • шашылыш консультациялык медициналык жардам кызматы.

2. Шашылыш,  кечиктирилгис жана шашылыш консультативдик медициналык жардамдын ортосунда кандай айырма бар?

Шашылыш медициналык жардам – ден соолукка олуттуу зыян келтирүүнү болтурбоо жана/же өмүргө коркунучту четтетүү үчүн кечиктирилгис медициналык кийлигишүүнү талап кылган күтүлбөгөн курч ооруларда жана өнөкөт оорулардын курчушунда көрсөтүлүүчү медициналык жардам.

Кечиктирилгис медициналык жардам – бейтаптын өмүрүнө ачык коркунуч келтирбеген курч ооруларда жана абалдарда, өнөкөт оорулардын күчөшүндө көрсөтүлүүчү медициналык жардам.

Шашылыш консультациялык медициналык жардам күнү-түнү жана ооруканада дарыланууда жаткан бардык жарандарга токтоосуз көрсөтүлөт. Шашылыш консультациялык медициналык жардам менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлүүчү практикалык жардамды камтыйт.

 Шашылыш консультациялык медициналык жардам төмөнкү учурларда көрсөтүлөт:

  • саламаттык сактоо уюмунда тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы врач-адис же медициналык илимдин жана практиканын заманбап жетишкендиктеринин деңгээлинде адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар болбогондо оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган абал;
  • бейтапка жүргүзүлгөн терапиянын натыйжасынын жоктугу, оорулуунун абалынын барган сайын начарлашы;
  • ооруну диагностикалоодо жана дарылоо тактикасын аныктоодо кыйынчылыктар;
  • оор абалдагы бейтапты медициналык жардам көрсөтүү деңгээли жогору болгон ооруканага жеткирүү зарылчылыгы.




    Окшош суроолор