Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Өлгөндөн кийин органдарымды донорлукка бергим келет. Муну кантип тариздейм?

ID1764
Көрүүлөр: 461
Актуалдуу: 26-06-2024
QR Code

Донорлук – бул башка адамдын өмүрүн узартууга же илим-билимге салым кошууга жардам берген маанилүү, сооптуу чечим. Көз жумган соң адамдын органын донорлукка алууга уруксат берген кагазды кантип тууралаш керек? Жол-жобосун карайлы. 

Өлгөндөн кийинки донорлук – бул адамдын денесин, органдарын же ткандарын ал көз жумган соң медициналык же билим берүү мекемелерине өткөрүп берүү чечими. Бул окуу максаттары же илимий изилдөөлөр үчүн, органдарды трансплантациялоо аркылуу өмүрдү сактап калуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Донордун органын колдонуу укугу ушундай чечимин калтырып кеткен жарандын биологиялык өлүмү тастыкталгандан кийин пайда болот. Бул ишти жасоонун тартиби менен шартын КРдин Министрлер кабинети аныктайт.  

Чечимди тариздөөнүн алдында маселени үй-бүлөңүз, жакындарыңыз менен талкуулап алган жакшы. Бул сиз өлгөндөн кийинки укуктук маселелерден качууга жана каалооңуздун аткарылышына жардам берет.

Денеңизди же органдарыңызды өткөрүп берүү боюнча чечимиңизди кагазга түшүрүңүз. Муну менен каалооңуз расмийлешет. Чечимди нотариалдык күбөлөндүрүү керек, ошондо гана ал юридикалык күчкө ээ болот. 

Органдарыңызды же денеңизди кайсы ооруканага же окуу жайга өткөрүп берүүнү каалайсыз? Тандаңыз. Тандаган мекемеге кошумча макулдашуу же документ керек болор-болбосун тактаңыз. 

Өлгөндөн киийн донор болом деген чечим медициналык картаңызда белгилениши керек. Биологиялык өлүм катталган учурда дарыгерлер сиздин каалооңуз боюнча ыкчам аракеттене алат. 

Сиз каалаган учурда өз чечимиңизди жокко чыгара аласыз. Бул иш кайра эле нотариустан бүтөт. 




    Окшош суроолор