Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Сөөк коюуга жөлөк пулду кантип алса болот?

ID639
Көрүүлөр: 161
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code

Сөөк коюуга жөлөк пул (расымдык жөлөкпул) төмөндөгү жарандар каза болгон учурда дайындалат:

  • кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
  • жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
  • дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
  • расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
  • социалдык жөлөкпул алган адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
  • жумушсуз (иштебеген) адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.

Көңүл буруңуз: Каза болгондугу тууралуу күбөлүк берилген күндөн тарта алты айдан кечиктирбей кайрылган учурда гана сөөк коюу үчүн жөлөк пул чегерилет. 

Расымдык жөлөк пул алуу үчүн керектүү документтер:

  • эркин формадагы арыз;
  • каза болгон адамдын жеке номуру.

Башка маалыматтарды тийиштүү мекеме “Түндүк” системасы аркылуу алат. 

1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу – https://portal.tunduk.kg/  

Арызды кантип онлайн тапшырса болот: 

  • Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
  • Кызматтар каталогунан тийиштүү кызматты тандоо;
  • Кызмат алууга табыштаманы тариздөө;
  • Жеке кабинетте “алынган кызматтар” бөлүмүндө өтүнмөнү иштеп чыгуунун статусун карасаңыз болот. 

2. Мекемеге түз кайрылуу. Каза болгон адамдын жашаган (катталган) жери боюнча эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгына камдаган документтериңизди алып кайрылыңыз. 

Документтер 10 жумушчу күндүн ичинде каралат.

Чечим төмөндөгүлөрдүн бирөөсү болушу мүмкүн: 

  • расымдык жөлөк пулду дайындоо;
  • расымдык жөлөк пулду дайындоодон баш тартуу, бул учурда сизге себебин жана даттануу жолдорун түшүндүрүп беришет;
  • кошумча документтерди суроо. 

Бардык категориялар (пенсионерлер жана алардын багуусундагылардан башкалар) үчүн расымдык жөлөк пулдун өлчөмү 2010-жылы 7189 сом деп белгиленген орточо эмгек акынын пайыздык катышы менен аныкталат жана маркумдун категориясына жараша болот. 

Жөлөк пул төмөнкүдөй тартипте чегерилет: 

  • Орточо айлык эмгек акынын 100 пайызы (7189 сом) – кызматкер каза болгон учурда төлөнөт. 

Орточо эмгек эмгек акынын 50 пайызы (3595 сом) төмөндөгү категориядагы жарандар каза болгон учурда төлөнөт: 

  •  жеке ишкер;
  • дыйкан чарбанын мүчөсү;
  • расмий жумушсуз;
  • иштеген адамдын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү;
  • социалдык жөлөк пул алуучу.

 Орточо айлык эмгек акынын 20 пайызы (1438 сом) төмөндөгү категориядагы жарандар каза болгон учурда төлөнөт: 

  • жеке ишкердин багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү;
  • дыйкан чарбанын башчысынын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү;
  • расмий жумушсуздун багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү;
  • социалдык жөлөк пул алуучунун багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү;
  • жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.

Пенсионер каза болгон учурда – пенсиянын он эселенген базалык бөлүгү, пенсионердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда – пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгү өлчөмүндө жөлөк пул чегерилет. Бүгүнкү күндө пенсиянын базалык бөлүгү 3 миң 170 сомду түзөт. Жыйынтыгында жалпысынан 31 миң 700 сом төлөнүшү керек. Пенсионердин багуусундагы адам каза болгон учурда арыз ээсине пенсиянын үч эселенген базалык бөлүгү — 9 миң 510 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет.

Көңүл буруңуз: Расымдык жөлөк пул алууга бир нече негиз боюнча укуктуу болсоңуз, өзүңүз каалаган бирөөсүн гана тандай аласыз. 




    Окшош суроолор