Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кантип алса болот?

ID700
Көрүүлөр: 193
Актуалдуу: 15-03-2024
QR Code

2010-жылдын 1-январынан баштап экономиканын уюшулган секторунда иштеген бардык кызматкерлер үчүн пенсиялык системага милдеттүү топтолмо элементи киргизилди.

Пенсиянын топтолмо бөлүгү (пенсиялык топтоолор) айлык-акынын 2 пайыз өлчөмүнө барабар милдеттүүү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлөт. 

Камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн пенсионер-кызматкерлер, 1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркек-кызматкерлер жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аял-кызматкерлер бошотулган. Себеби алар өтө аз акча чогулта алмак. Ошондой эле жеке ишкерлер мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулган. 

Бирок жарандар камсыздандыруу полисин сатып алуу менен каалаган өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес жана МПТФ 2 пайыздан кем эмес камсыздандыруу төгүмдөрүн өз ыктыяры менен төлөй алышат.

Пенсиянын топтолмо бөлүгүндө канча акча чогулганын кантип текшерсе болот:

  • Соцфонддун аймактык бөлүмүнө кайрылып, фонддун сайтындагы жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн алыш керек. Соцфондго барып отурбай, бул ишти онлайн бүтүрсө да болот. Ал үчүн Калкты тейлөө борборунан булут электрондук кол тамгасын алыш керек. Кол тамга аркылуу Соцфонддун бардык кызматтарын жеке кабинеттен ала бересиз. 
  • Жеке кабинетке ошондой эле “Тундук” системасынын жардамында электрондук санариптик кол тамга, е-ID же QR-кодду сканерлөө аркылуу кире аласыз.
  • Пенсиялык топтолмо каражатыңыздын суммасын “Түндүктүн” өзүнөн да биле аласыз. Тиркемени жүктөйсүз, катталасыз. Андан аркы кадамдар: Кызматтар – Соцтөлөмдөр- Пенсиялык топтоолор жөнүндө маалымат (топтолуучу пенсиялык фонд) – Өтүнмөнү жиберүү. 



Пенсия курагына жеткенде:
• “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

Мураскорлорго:
• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу. 4.

Аскер кызматкерлерине төлөө:

Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

Ипотекалык насыялоо:
• Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

Жумушсуздук:
• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Оор ооруларды дарылоо
• Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. Оорулардын тизмеси: http://socfond.kg/kg/news/1772-Piensiialyk-toptoo-karazhattaryn-piensiianyn-topto/

 

Документтердин тизмеси категорияга жараша болот

Пенсия курагы келгенде

  • пенсиялык топтоолорду төлөп берүү жөнүндө арыз;
  • алуучунун инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн документтин түп нускасы.

Туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чыгып кетүүчүлөргө

  • пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү жөнүндө арыз (белгиленген форма боюнча);
  • арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ(түп нускасы же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
  • КР чегинен тышкары туруктуу жашоого кетүү баракчасы (түп нускасы же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
  • КР чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгаруу жөнүндө даректик маалымкат (түп нускасы же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү).

Мурас боюнча

  • белгиленген формадагы арыз;
  • мураскордун ким экендигин ырастоочу документ (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн мураска укук жөнүндө күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү) же мураска калтырылуучу мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • пенсиялык топтоолорду алуу үчүн Социалдык Фондго белгиленген тартипте кайрылуу укугу менен мураскордун өкүлүнө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, ошондой эле өкүлдүн инсандыгын ырастаган документтин түп нускасы жана көчүрмөсү;
  • камсыздандырылган мурас калтыруучунун каза болгондугу тууралуу күбөлүгү (түп нускасы жана көчүрмөсү).

Ипотекалык насыялоо

  • белгиленген формадагы арыз;
  • арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;
  • жубайы пенсиялык топтоолорду алган учурда нике күбөлүгү;
  • ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан каржылануучу мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн ипотекалык насыялоонун бар экендиги жөнүндө документ.

Дарылоого

  • белгиленген формадагы арыз;
  • алуучунун инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү жана салыштырып текшерүү үчүн анын түп нускасы;
  • башка адам тарабынан арыз берилген учурда пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн Социалдык фондго кайрылуу укугу бар өкүлгө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат, ошондой эле өкүлдүн ким экендигин ырастаган документтин көчүрмөсү жана анын түп нускасы;
  • пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берүүчү оор оорулардын бар экендигин тастыктаган маалымкат.

Жумушсуздук учурунда

  • белгиленген формадагы арыз;
  • арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;
  • жумушсуздун расмий статусу жөнүндө калкка көмөк көрсөтүү жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты.

Аскер кызматкерлерине төлөө

  • белгиленген форма боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөп берүү жөнүндө арыз;
  • арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документ;
  • “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” мыйзам боюнча пенсия дайындоо фактысын ырастаган маалымкат.

 

Арыз камсыздандырылган адам тарабынан төмөндөгү жолдордун бири аркылуу берилет:

  • жеке өзү жашаган же катталган жери боюнча Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө кайрыла алат;
  • Социалдык фонддун электрондук порталындагы “камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” аркылуу;
  • “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу.

Соцфонддо сизге тийиштүү арыздын формасын беришет, аны толтуруңуз. Документтер толук болсо, арызыңыз катталат жана сизге арыз кабыл алынганын ырастаган талон берилет. 

Арызды кароо мөөнөтү – 15 календардык күн.

  • топтоолорду төлөп берүү жөнүндө;
  • топтоолорду төлөөдөн баш тартуу жөнүндө.

Эгерде Соцфонд пенсиялык топтоолор төлөнбөйт деп чечсе, 5 жумушчу күндүн ичинде кайрылган жаранга баш тартуунун себебин түшүндүргөн катты берет жана бардык документтерди кайтарат. 

Топтолмолорду төлөп берүү тиешелүү чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

Соцфонд пенсиялык топтоолорду алуучунун банктык эсебине бир төлөм менен которот. Ипотекалык кредит үчүн тартип башка, анын жол-жобосун түшүндүрүп беришет. 






    Окшош суроолор