Logo ur
Сайт Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан башкарылат

Ооруканада дарылануу үчүн ким канча акча төлөш керек?

ID732
Көрүүлөр: 182
Актуалдуу: 09-04-2024
QR Code
  • медициналык документтерди жүргүзүү жана тариздөө; 
  • палатада жатуу (люкс палаталардан тышкары);
  • клиникалык протоколдорго/колдонмолорго ылайык терапиялык же хирургиялык дарылоо, дары каражаттарын, анын ичинде оорукананын тизмесине ылайык наркоздук каражаттарды берүү;
  •  3 маал тамак;
  • маалымкатты же бейтаптын стационардык картасынан көчүрмө берүү. 

Эгерде сизде ооруканада дарыланууга жолдомо (направление) жок болсо, анда кошумча төлөмдү (сооплата) толугу менен төлөп каласыз. Жолдомоңуз болбосо, ОМС полисиңиздин да, жеңилдик алуу укугуңуздун да пайдасы тийбейт. 

Жолдомону төмөндөгү мекемелердин дарыгерлери жазып берет: 

  •  үй-бүлөлүк медицина борборунун/жалпы дарыгер-практика борборунун; 
  • ооруканалардагы АДБ/КДБ бөлүмдөрүнүн, (амбулаториялык-диагностикалык бөлүм, клиникалык-диагностикалык бөлүм)
  • мекемелерге тийиштүү ооруканалардын. 

Жолдомодон сырткары төнмөнкү документтериңиз болушу шарт: 

  • паспорт (өздүгүңүздү ырастаган башка документ);
  • жеңилдик алууга укугуңузду тастыктаган документтер;
  • анализдердин жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгы. 

Көңүл буруңуз! Эгерде сизде жолдомо, бардык анализ-текшерүүлөрдүн жыйынтыктары болсо, анда ооруканага кошумча текшерүүлөрсүз жаткырышат. 

Шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационардык жардам өмүргө коркунуч келтирген абалдан чыгарылганга, гемодинамика жана дем алуу көрсөткүчтөрү турукташканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Андан кийин бейтаптар ооруканадагы пландуу дарылоого же үй шартында дарылоого которулат.

  1. Кошумча төлөмдүн өлчөмү бир нече учурдан көз каранды:

    • бейтаптын жеңилдиктерди алууга укугу барбы-жокпу;
    • оорунун профили (терапиялык же хирургиялык); 
    • оорукана аймактыкпы же республикалык/улуттукпу. 

    Пландуу стационардык дарылоодо кошумча төлөмдүн өлчөмдөрү 

    Кошумча төлөмдүн түрлөрү

    Республикалык стационарлардан башка стационарлар

    Республикалык стационарлар

    Терапиялык профилдеги кошумча төлөм

    Госпиталдаштырууга жолдомо бар болсо

    Минималдуу деңгээл

    330

    330

    Орточо деңгээл

    840

    1160

    Максималдуу деңгээл

    8400

    11170

    Хирургиялык профилдеги кошумча төлөм

    Госпиталдаштырууга жолдомо бар болсо

    Минималдуу деңгээл

    430

    430

    Орточо деңгээл

    1090

    1510

    Максималдуу деңгээл

    9170

    14310

     “Көңүл буруңуз! Ооруканада акысыз дарыланууга укуктуу жарандар жылына эки жолу гана бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышат. Эгер ооруканага жылына эки жолудан ашык жатса, анда алар оорусуна карап орточо кошумча төлөмдү төлөшөт. Бул чектөө 6 жашка чейинки балдарга тийиштүү эмес. 

    Төрөткө келген, төрөттөн кийинки кошумча оору менен, кош бойлуулуктун патологиясы менен келген аялдарды ооруканага жаткыруу акысыз жүргүзүлөт

  • 70 жашка чейинки пенсионерлер;
  • ай сайын социалдык жөлөк пул алган адамдар;
  • милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр түшүп жаткан иштеген жарандар;
  • милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси бар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдү өз алдынча төлөгөн адамдар;
  • милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдү төлөөчү дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөлөрү;
  •  16 жашка чейинки курактагы балдар (жалпы билим берүү мекемелеринин, медресенин окуучулары – окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жашка толгонго чейин);
  • калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуздар;
  • орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери;
  • Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.

Камсыздандырылбаган жарандар жана жолдомосу жок жарандар жеңилдиктерге укугунун бар экендигине карабастан, оорунун профилине жараша максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөйт.

Көңүл буруңуз! Стационардык дарылоодо зарыл болгон консультацияларды, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдү (кымбат баалуу изилдөөлөрдү жана манипуляцияларды кошпогондо) жүргүзүү үчүн кошумча төлөмдү алууга жол берилбейт.

Кандайдыр бир суроолор жаралса, Милдеттүү медциналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) 113 шыр байланыш номуруна чала аласыз. Бардык операторлордун абоненттери үчүн чалуу акысыз. 

  • Дареги: 720040, Бишкек шаары, Чүй проспектиси , 122.
  • Тел.: 66-35-51, 66-52-42, факс: 62-65-19
  • Е-mail: mail@foms.kg 




    Окшош суроолор